Аппарат
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августу №144 “мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын жана 2003-жылдын 18-июлундагы №153 “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамынын негиздеринде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун аппарат кызматчылары мамлекеттик кызматчы болуп эсептелинет.
“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын 37 беренесине ылайык Мамлекеттик кызматчы дисциплинардык , материалдык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамдын 36 беренесинин 4 пунктунун жана 31 беренесинин 4 пунктунун негизинде областтык, райондук соттордун Төрагалары соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу жана соттук актылардын аткарылышын камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды берет:
Жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат; Областтык же райондук соттордун аппарат кызматчыларынын мыйзамга каршы иш-аракетинде (аракетсиздигинде), эмгектик милдеттерин шалакылык мамиле жасоо учурунда, жалпыга таанылган норманын жана жүрүм-турум этикасынын чегинен чыккан учурда – соттун Төрагасынын наамына кат түрүндө даттанып кайрылуу керек. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамынын 38 беренесинин 3 пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу аппараттын жетекчиси башкарат. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде контролдоочу жана чарбалык-тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен макулдашуу боюнча соттун аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин сакталышына контролдук жүргүзөт. Эмгектик милдеттерин шалакылык мамиле жасоо учурунда, аппарат кызматчыларынын мыйзамга каршы иш-аракетинде (аракетсиздигинде), жалпыга таанылган норманын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жүрүм-турум этикасынын чегинен чыккан учурда – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчисинин наамына кат түрүндө даттанып кайрылуу керек. |