Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Пленум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басарларынан жана судьяларынан турат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму:

  • сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын карайт жана сот тажрыйбасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;
  • жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуусу боюнча материалдарды карайт;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын сунуштамасы боюнча жашыруун добуш берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басарларынын ичинен соттук коллегиялардын тєрагаларын жана соттук коллегиялардын жекече курамын шайлайт;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын сунуштамасы боюнча жашыруун добуш берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы илимий-консультациялык кеңештин курамын шайлайт;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунун катчысын шайлайт (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ички жумуш маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Регламентин кабыл алат;
  • соттук коллегиясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын төрагаларын угат;
  • президиумдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын билдирүүсүн угат;
  • сотторду уюштуруунун жана иштеринин башка маселелерин карайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу чакырылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйналыштары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын курамынын кеминде үчтөн экиси бар болгон учурда укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму өзүнүн жыйналыштарында жалпы курамдын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда - жашыруун добуш берүү жолу менен токтом кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунун токтомдоруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы (же төрагалык кылуучу) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунун катчысы кол коет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунун жыйналышына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, жергиликтүү соттордун судьялары жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

2003-жылдын 18-июлундагы Кыргыз Республикасынын
Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө
N 153 мыйзамынын 15-беренеси


DB query error.
Please try later.