Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Орун басарлары


САДЫКОВ ЭРМЕК ЭРКОВИЧ


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын милдет аткаруучусу

1965-жылдын 8-августунда  төрөлгөн, билими жогорку-юридикалык, 1987-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москвалык  Мамлекеттик университетин аяктаган.

 Өзүнүн эмгек жолун 1987-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын философия жана укук Институтунда илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. Корпоративдик тажрыйбасы бар, “Себако – Кыргызстан” мамлекеттик-жеке корпорациясында юрисконсультант, “Шаде” корпорациясынын келишимдик - талап коюуу каржы-юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1994-жылдан тартып арбитраждык сот системасында алдыңкы адис, андан кийин Чуй областтык арбитраждык сотунун судьясы, Ысык-Көл жана Чуй областынын арбитраждык сотторунун төрагасы, Бишкек шаардык арбитраждык сотунун судьясы болуп дайындалып кызмат өтөгөн. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын милдетин аткаруучусунун 2010-жылдын 8-октябрындагы №70 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучусу болуп бекитилген.

 

 

  ОСМОНКУЛОВ МАРАТБЕК АСКАРОВИЧ

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучусу.

 1955-жылдын 11-мартында төрөлгөн, билими жогорку- юридикалык, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

 Өзүнүн эмгек жолун 1971 жылы Саратов областындагы Кызыл Кут шаарындагы Учуу окуу жайында курсант болуп баштаган. 1974-1977-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Авиаэскадрильеде экинчи учкуч болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын БК ДОСААФында улук учкучу болгон. ИИМ органдарында тажрыйбасы бар. Адис боюнча эмгек ишин 1977-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнүн инспектору болуп иштеп баштаган, андан кийин тергөөчүсү, башчысы, башчынын орун басары болуп эмгектенген.

1990-жылы Чуй – Токмок шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган, 1992-1996-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы. 1996-1999-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы, 1999-2000-жылдары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп иштеген. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланган. 2010-жылдын 17-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын убактылуу милдеттерин аткаруучусунун № 60 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын убактылуу милдеттерин аткаруучусу болуп дайындалды.

 

АКНАЗАРОВА КАЛИМА КОРЧУБЕКОВНА

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орунбасары

1952-жылы 4-февралда төрөлгөн, билими жогорку, 1974-жылы Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган. Кесиби боюнча эмгек жолун 1979-жылы мамлекеттик нотариалдык конторада консультант болуп иштөөдөн баштаган. Андай кийин стажор, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун юридикалык консультациясында адвокат, Ыссык – Көл облусунун Пржевальск шаарында аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүнүн кодификация боюнча консультант кызматтарында эмгектенген.1980-жылы – судья , андан кийин Ыссык – Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары, ал эми 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орунбасары болуп дайындалган.

Жогорку судьялык квалификациялык класска ээ, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы илимий - консультативдик кеңешинин экономикалык жарандык укук секциясынын жетекчиси.


DB query error.
Please try later.