Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Инсандар

Жусуп Баласагын (1018-1070)

Жусуп Баласагын философ, окумуштуу, акын, ойчу адам болгон. Ал Чу дарыясынын жээгиндеги Баласагуни шаарында Азыркы Токмок шаарында төрөлгөн. Бул адам “Кутадгу билиг” (“Куттуу билим”) деген атактуу чыгарманы жазган. “Китептин негизи-өзүнүн баалуу маанисин эч качан жоготпой турган: биринчиси акыйкаттык, экинчиси бакыт, үчүнчүсү акыл эс, төртүнчүсү кесирсиз”- деп жазган. Бул китепте балдардын тарбиясына жана педагогика боюнча жалпы негиздер берилген.


Ормон-Хан (1790-1853)

Сарбагыш манаптан Ниязбек уулу Ормон XIX экинчи жарымында феодалдык белгилүү уурусунда биринчилеринен болуп, түндүк кыргыз уругуна бийлик кылууга аракет кылып, ошону менен бирге баардыгын биригүүгө чакырган. 1842-жылы баардык сарбагыш, солто, саяк, кушчу, черик ж.б уруктарынын өкүлдөрүнө курултайга чакырат. Бул курултайда Ормон Хан салтанатуу түрдө хан болуп шайланат. Ал өзүнүн жеке бийлик туусунун символун жана мыйзам чыгып, элге белгилүү болгон “Ормон окуу” деген мыйзам чыгаруу декретин жыйынтыктаган. Ормон Хан мамлекеттик негизди жана туруктуулукту бекемдөө үчүн чараларды көргөн, башкача айтканда аскердик түзүлүш куруп, сот иштерин ишке ашуруусу боюнча кеўешчи шайлаган. Ормон хан биримдик мамлекеттик коомду реалдуу кабыл алган. “Ормон окуу” эзелтеден бери келген элдин жашоосунун салтына жана тартиптерине нормативдүү мүнөз кошкон.

Курманжан Датка (1811-1907)

Тарых акырында улутун элестеткен баатыр болгон бир топ коомдук ишмер аялдарын эсте сактайт. Мурдагы миң жылдыктагы чыгыш элинин аялдарынын арасынан чыккан өзгөчө ачык инсандардын бири Маматбек кызы Курманжан датка өзгөчө жол башчы болгон, эл арасында Курманжан датканы “алай ханышасы” деп аташкан. Саясат майданында көрүнүктүү из калтырган, анын элдин тарыхынан ажырагыс аты, улуттун энесиндей акылмандыгын элестеткен, өзүнүн жанын аябай жана асылзаттык сапаттарын кыргыз аялдарына гана эмес, башка да чыгыш аялдарына да көрсөткөн. 50 жыл арасындагы башкаруусунда ал өзүнүн элин бириктирүүгө, чачкында жана четте калгандыгына каршы туруктуу күрөш алып баргандыгы менен өзүнүн замандаштарынын абдан чоң урматтоосуна татыктуу болгон. Курманжан датка өмүр бою күйөөсүнө бекем болуусунан тышкары күйөөсү Алымбекке да жардамчы болгон. Алай ханышасы атка күйөөсү каза болгондон кийин конгон. Күйөөсүн өлтүрүп кеткенден кийин, букаралык амирдин жардамы менен Худояр деген Кокондук хан “Датка” деген ардак наамын берген. Кыргыз элинин Даңктуу кызы баатырдык менен элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алдыга чыккан. Оор жана ошол эле убакта бактылуу көп жыл жашап (96 жыл), чыныгы улуттун сыймыгына турган.

Шабдан Баатыр (1839-1912)

Кыргыз элинин тарыхында Шабдан Жантаевди жаш чагынан эле белгилүү эмгек сиңирген Шабдан Баатыр деп айтышчу, ал өзүнүн элине маанилүү руханий көмөк көрсөткөн ачык чыгаандардан болгон. Анда тынчтык жаратуу, башкаруучулук чечимдерине бекем, ак пейил жана боорукер, адам баласынын жамандыктарына жана жокчулуктарына кайрымдуу сапаттары ага шай келчү. Балачак кезинде эле тагдырдын оор сыноолорун башынан көп өткөргөн.1850-жылы Кокон хандын барымтасында болгон. Бир далай убакыттан кийин Шабдан өзүнүн элин Кокон хандыктын эзүүсүнөн бошотуу үчүн Россия мамлекетин жарандыгын кабыл алууну чечет. Анын жолун башка түндүк кыргыздардын феодалдары да жолдойт. Россиянын туруксуз аскерлигинде кызмат өтөп акылман кеңешчинин ишин аткарат. Чын дилдүү атуул жана мыкты саясатчы өзүнүн эли жөнүндө көп тынчтанды. Шабдан биринчилерден болуп, өзүнүн замандаштарын отурукташуусуна жана дыйканчылыкка чакырган. Калмурза – акын Шабдан баатыр жөндө “ Алсыз күчсүздөргө күч кубат берген, кедей кембагалдарга бодо мал менен камсыз кылган, турак жайлары жокторго үйлүү кылган, карабай угулбай калгандарга дем берген, динсиздерге дин берген”- деп баа берген. 1905-жылы июнда Шабдан Баатырдын атынан Верный шаарына Николай - II падышасынын атына мусульмандар жыйналышынын түзүүсү өтүнүчү, балдарды өз тилинде окутуу үчүн медреселерди жана мектептерди ачууга, мыйзам чыгаруу органдарынын түзүмүнө нукура элден өкүлчүлүк киргизүүгө көпчүлүктүн өтүнүч суроосун жиберет. Өзүнүн боорукердик, акыйкаттык жана мартабалуу деген атын түбөлүккө калтырган.





DB query error.
Please try later.