|
|
ТарыхКыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тарыхы
Кыргыз элинин акыйкаттыкты аткаруу тарыхы түп тамыры менен илгертеден бери кележатат. Ушуга негиз кылып 19 кылымга чейин акыйкатчылыкты кылымдар бою коомдо жашап келген үрп-адаттар (обычное право) жана шариаттын (мусульманское право) негизинде бий жана казылар аткаргандыгын эске алсак болот. Ошондой эле сот милдетин манаптар да аткарышкан, алар талаш-тартыштарды соттук териштирүүдө өзүлөрүнүн ой- пикирлерине гана таянып чечим чыгарышкан.
Кыргызстан Россия падышасынын түзүмүнө киргенден кийин гана 1867-жылдан баштап “Сыр-Дарыя жана Семиреченский областтарын убактылуу башкаруу жөнүндөгү жобо” (кийин 1886-жылы “Түркестандын аймактарын башкаруу жөнүндөгү жобо”) кабыл алгандан кийин Кыргызстандын да аймактарын курчаган жалпы падышачылык соттордун бир канча түрү түзүлгөн. Буга аскер-соттук комиссиялар, соттук-административдик органдар, округдук соттор, сот бөлүмдөрү, областтык башкаруулар, уездик жана бүткүл дүйнөлүк соттор кирген.
“Сыр-Дарыя жана Семиреченский областтарын убактылуу башкаруу жөнүндөгү жобосу” Түркестандын сот системасын так орното алган эмес. “Түркестандын аймактарын башкаруу жөнүндөгү жобосу” Туркестан аймагында сот системасын аздыр көптүр катуулады, ал өзгөртүүлөр жана толуктоолору менен 1917 жылдагы революцияга чейин күчүндө болгон. Бул “ элдик соттун” бий жана казылардын түзүлүшүн жана иш аракеттерин толук регламенттеген.(ХХ-к. башында)
Аймактынбашкаруучуларыкатчысымененбозүйдүнжанында
Судьяларды элдин шайлоосу боюнча губернатор үч жылга дайындаган. Шайлоо областтык съездик шайлоолор, ар бир элүү үйдөн бир адам, айылдык жыйналыштардын шайлоосу менен болчу. Талапкер судьяны бир гана губернатор бекиткен .
“Элдик” сот жобого ылайык түзгөн:
а) биримдик судьялар,
б) судьялардын съезди
в) кырдалдуу судьялар съезди.
(ХIХ кылымдын аягы) (1950-жылдар)
Аймактын башкаруучусу Бугу уруусунун өкүлү
Жогорку манап Боромбай
Бийлер жана казылар жалгыздан жазык жана жарандык иштерин карашкан.
Алар мамлекеттик жана өзгөчө коркунучтуу, кызматтык ошондой эле “орус кыштактарында орустарга карата” кылмыш иштерин карашкан эмес. Ал эми жарандык иштер боюнча: жергиликтүү кишилер менен жана башка жергиликтүү эмес кишилердин ортосундагы доолор жана ар кандай башка элдердин өзүнчө элдик соттору бар, орус бийликтеринин катышуусундагы актылардын негизинде доолорду карашкан эмес. Өйдөдө көрсөтүлгөн кылмыш жана жарандык иштер орус сотуна караштуу болгон.
Облустук съездик шайлоолор биримдүү судьялардын бүтпөгөн чечимдери жана арыздарын иштери боюнча экинчи инстанция болуп саналган.
Съездин кабыл алган чечими акыркы болуп саналган.
Кырдалдуу соттор сьезди ар кандай уездик жана облустук жашоочулары катышкан иштерди, ошондой эле элдик суд ьялардын жана соттолгондордун айдалып кеткендери жөнүндөгү доолорду чечүү үчүн губернатордун буйругу менен дайындалган.
1917-жылдын 24-ноябрында Сот жөнүндөгү биринчи декрет жарыяланган. Ошол күндөн тартып соттун түзүлүшү эсептелет. Октябрь революциясынын кийнки жылдары (1927-жылга чейин) Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда эл сотторунан тышкары Казы жана бий соттору болгон. Туркестан совет өкмөтүнүн сот жөнүндөгү биринчи актысы болуп эл комиссарларынын Убактылуу революциялык сот жөнүндөгү 1917-жылдын 30-ноябрындагы токтому эсептелет. Ал соттун курамы беш адамдан – эл комиссарлар кеңешинин, жумушчу жана солдаттар депутаттар кеңешинин, Ташкент шаардык аткаруу комитетинин жана кесипчилик союздарынын борбордук бюросунун өкүлдөрүнөн турат.
1922-жылдын 30-декабрында Советтердин биринчи съездинде тең укуктуу, өз эркиндиги менен кирген Россия, Украина, Закавказия Федеративдик, Белоруссия республикаларынын курамында СССРди түзүү жөнүндөгү токтом кабыл алынган.
Өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ боло элек Кыргызстан Түркестандын курамында болуп Россияга кирген.
1924-жылы 12-июнунда РКП (б)нын Саясий бюросунун Борбордук комитети Орто Азия республикаларынын өз ара бөлүү жөнүндөгү токтом кабыл алган, ал токтом боюнча Орто Азияда жаңы республикаларды жана автономиялуу областтарды түзүү каралган. 1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл союздук аткаруу комитетинин сессиясы, ошол эле жылдын 27-октябрындагы СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин сессиясы Түрк Бактын Орто Азияны өз ара бөлүү жөнүндөгү сентябрдагы сессиясынын чечимин кубаттаган. Кара-Кыргыз автономиялуу областы РСФСРдын курамына кирген.
Андан кийин Кыргыз элинин улуттук автономиясы – Кыргыз автономиялуу областы түзүлүп, ага Бишкек, Каракол, Жалал-Абад, Ош округундагы кирген. Ошондон кийин Ташкент шаарында Кыргыз автономиялуу областынын мекеме, уюмдары түзүлө баштаган.
Областтык райондук эл сотторун уюштуруу, алардын түзүү жергиликтүү калктын арасында билимдүү, даярдыгы бар кадрлардын жоктугуна байланыштуу оор шартта жүргүзүлгөн.
1924-жылдын 3-декабрында Кара-Кыргыз автономиялуу областынын областтык сотунун төрагасы болуп Авербург Лев Александрович дайындалган, декабрь айынын ичинде Ташкент шаарында областтык сотту түзүү иштери жүргүзүлгөн. 1924-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарына келип ишке киришкен. Областтык соттун нотариалдык бөлүмү, Бишкек шаарында эл сотунун бир участкасы түзүлгөн. Облсоттун мүчөлөрү бөлүмдөргө бекитилген, нотариалдык конторалардын саны, аларды жер-жерлерге жайгаштыруу областтык соттун тартиптик коллегиясын шайлоо, соттук-тергөө участкаларын түзүү сыяктуу көп иштер аткарылган. Областта эл сотторунун 23 участкасы, 18 тергөө участкалары, 5 көчүп жүрүүчү эл сотторунун участкалары түзүлгөн. Областтык соттун курамы төрагадан, анын эки орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турган. Эл сотторунун биринчи участкаларынын судьялары ошол эле учурда областтык соттун өкүлдөрү болуп эсептелишкен, облсоттун мүчөлөрүнүн укуктарынан пайдаланышкан.
1925-жылдын март айында Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу областынын биринчи уюштуруу съезди болуп, ал сот органдарын ишин уюштуруу, өнүктүрүүдө чоң рол ойногон. Анда иштерди көчмө сессияларда кароо, административдик органдар тарабынан сотторго кысым көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө жана башка маселелер каралган.
1925-жылдын 25-майында Кара-Кыргыз автономиялуу областы Кыргыз автономиялуу областы болуп түзүлүп, областтык сот Кыргыз автономиялуу соту деп аталган.
1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялуу областы Кыргыз автономиялуу республикасына кайра түзүү сот органдарынын түзүлүшүн өзгөртүүгө, аларды андан ары өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болгон.
1927-жылдын 12-мартында өткөн кыргыз АССРнын уюштуруу съезди Кыргыз борбордук аткаруу комитетин (КырБАК) түзгөн. КырБАК биринчи сессиясында юстициянын биринчи эл комиссары болуп Таш Худабергенов дайындалган, жаңы түзүлгөн Кыргыз АССРнын Башкы сотунун (Главсуд) төрагалыгына Иманбек Текеев шайланган.
Башкы сот: Пленумдан, Президиумдан, кылмыш, граждандык, бөлүктөрдөн турган. Ишти биринчи кассациялык инстанцияда караган, тартиптин коллегиясы иштеген. Башкы соттун Эл заседателдери КырБАКтын Президиуму тарабынан өзүнчө тизме боюнча аныкталган.
1929-жылдын 30-апрелинде Кыргыз АССРнын Кеңешинин Республикалык экинчи съезди автономиялуу Республиканын биринчи Конституциясын кабыл алган, анда сот-тергөө аппаратын чыңдоого көп көңүл бурулган.
1929-жылы Республиканын Башкы сотун жана элдик сотунун курамын шайлоодо «элдин толук отурукташбагандыгы» жана сот органдарында кыргыз аялдарынын жоктугу баса белгиленген. Буга байланыштуу республиканын жетекчисинин алдында, юридикалык курстарды жана укуктук мектептерди уюштуруу суроосу бекем турган. Жылдын аягында республиканын сот жана тергөө органдарына караштуу кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо үчүн, алты айлык юридикалык курстары ачылган. Ал курстарды өткөрүү жолдору абдан татаал болгон. Негизи 15 тажрыйбасы бар жумушчулар жана 15 өзүн алып чыккан активисттер, дыйкандар жана эл жумушчулары курсант боло алат деп болжолдошкон. Алмашып иштегенге киши жок болгондуктан, соттук жана тергөө камераларын жапканга тура келген. Анын үстүнө жергиликтүү улуттун алдынкы-курсанттарынын билим деңгээли бир топ ылдый болгон. Бирок баардык кыйынчылыктардын бары өтүп, 1930-жылы курстардын бүтүрүүчүлөрү соттук тергөө жана прокурордук иштери боюнча тажрыйбага жиберилет. 1934-жылы кыска курстар Кыргыз АССР Элдик комитеттин алдындагы дайым иштөөчү бир жылдык укуктук мектепке айланган. 1935-жылы укуктук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүн райондук прокурор, элдик судья, элдик тергөөчү, соттук аткаруучу жана жактоочулар коллегия мүчөлөрүнүн кызматтарына иштөөгө жиберилген.
1930-жылдын сентябрында АССР Кыргыз Республикасынын аймагы 24 административдик районго бөлүнүп, 24 райондук сот жана 2 элдик сот участок, Бишкек шаарында эки участкалык соттор түзүлгөн. Бишкек шаарынын жана элдик соттордун (азыркы Кант жана Сокулук аймактары) Каракол , Жалал-Абад, Араван –Бура жана Өзгөн райондоруна судьялардын кызмат орду алдын ала каралган.
Ушул эле маалда республиканын юстициялык элдик комитети, Башкы сот жана прокуратуралары кээ бир уюмдук өзгөрүүлөрдү баштан өткөргөн. Эгер мурда юстициянын элдик комиссары бир эле маалда республиканын прокурору болсо, 1931 жылдан юстициялык элдик комитеттин биринчи орун басары бир эле маалда прокурор болгон. Ошол жылдары, Юстициялык элдик комитетинин экинчи орун басары республиканын башкы сотунун төрагасы болгон. 1936-жылы СССР Элдик Юстициялык комитетинин кайра түзүлүшү менен СССР Жогорку сотунун соттук башкаруу функцияларынан бошотулушу менен уюштурууда, иш аракеттерде ылайыктуу өзгөрүүлөр болгон. Башкы сот, республиканын Жогорку сот органдарынын иштерин аткара баштаган. Башкы соттун төрагасы мындан ары Юстициянын Элдик Комиссарынын орун басары болбой калган.
СССРдин 5-декабрь 1936-жылдагы жаңы Конституциясына ылайык Кыргыз Автономиялуу Республикасы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра түзүлгөн. Жаңы Конституцияда Сотту уюштуруунун жана анын ишинин негизги жоболору бекитилген. Республиканын башкы соту Кыргыз Республикасынын Жогорку соту болуп аталып, анын түзүлүшү жана милдеттери өзгөртүлгөн. Соттор биринчи өкүм чечимдерди Кыргыз ССРнын атынан чыгарышкан.
1937-жылы 23-мартта Кырдалдуу Бүткүл Кыргыздардын Кеңешинин V- съездинде Кыргыз ССР Конституциясы кабыл алынган, бул өлкөдөгү экономикалык жана тап өзгөрүүлөрдү алып келген, ошондой эле соттор жана прокурорлордун уюштуруу иш аракеттеринин негизги принциптерин аныктап көрсөткөн. Буга ылайык судьялардын ар бир кылмыш же жарандык иштерди кароодо толук көз карандысыздыгы жана бир гана мыйзамга баш ийүүсү акыйкаттыктын зор маанилүү принциби болуп саналган.
Республиканын сотторунун алдынкы катарда турган маселелери жана максаттары 1938 жылдын 16-август айында өткөн СССР Жогорку Советинин II сессиясынын I чакыруусунда союздук жана автономдук республикаларынын сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзамы толуктоолор менен кайра кабыл алынган.
Жогорку сотко Кыргыз ССРдин бүт сот органдарынын соттук иш аракеттерине көзөмөл жүргүзүү жүктөлгөн. Эгер мурда Башкы соттук түзүм жана анын отурумдары жыл сайын Кыргыз борбордук шайлоо комитетинин Президиумунда бекитилсе, 1937-жылы Кыргыз ССР Конституциясы боюнча Жогорку сот жана элдик отурумдар Кыргыз ССР Жогорку Кеңешининин алдында отчет берүү менен беш жылга бекитилген. Областтык сотторду шайлоодо да демократизация өткөрүлгөн, бул соттор облустук соттордун аткаруу комитетинде шайланбай, тикеден тике Совет сессияларында туруктуу соттук мүчө ыйгарым укугуна элдик отурумга 5 жылга шайланган.
Ал жылдары сот органдарына жүктөлгөн Кыргыз ССРнин Конституциясына жана сот түзүлүшүнүн мыйзамына ылайык милдеттерди сот акыйкаты аткарган. Жогорку жана облустук соттор административдик-башкаруу иштерин караганга укугу жок болчу. Кыргыз ССРнин Элдик Кеңеш комитетинин 1938-жылдын 11 мартынын 108- санынын токтому менен Сот органдарын жалпы жетектөө жана сот мекемелеринин иш аракеттерин жетектөө жана уюштуруу Юстициялык элдик комитететине жүктөлгөн.
1941-жылга чейин Кыргыз ССРи Фрунзе, Талас, Ыссык-Көл, Тянь-Шань,Ош, Жалал-Абад облустарынан түзүлүп, республикада алты облустук сот иштеген.
1941-1945 жылдардагы Улуу ата мекендик согуштун шарты боюнча биринчи сот органдарын кайра курулушунун уюштуруу формаларын биринчи мыйзам чыгаруу актыларын аныктаган. 1941-жылы 22 июнда «Аскер жөнүндөгү жобо» жана « жергиликтуу аскер трибуналдары боюнча жобонун бекитилиши жөнүндөгү» СССР дин Жогорку кеңешинин президиумунун Жарлыгы менен бекитилген.
Согуш учурунда Кыргыз СССРнин сот органдары, Совет союзундагы башка сот органдары колдонгондой эле, аскер убагында колдоно турган мыйзамдар менен иш аракеттерин жүргүзгөн. Республиканын соттору уурдоо, алып сатаар, бейбаштык, чарбачылык кылбагандарга, аскер убагында шартарга көнбөгөн же баш тарткандарга, салык төлөбөгөндөргө, милдеттерин аткарбагандарга катуу жоопкерчиликке тартуу боюнча чоң иштерди аткарышкан.
Республиканын аскер жылдардагы соттордун иштерин мүнөздөмө катары, Кыргыз ССР элдик комитети “Кыргыз СССР 1943-1944 жылдардагы отчетунда” сотторго жуктөлгөн маселелерди оперативдүү жана так аткарышып, социалдык менчиктерди алып жуткандарга, алып сатаар кызыл кулактарга жана тылды бузуучуларга туура жана тездик менен карашкан» деп көрсөткөн. Республиканын Жогорку соту биринчи инстанцияда каралган өзгөчө маанилүү кылмыш жана жарандык иштеринен тышкары, элдик жана облустук соттордун иш аракеттеринде мыйзамдын так жана бирдиктүү колдонулушуна сот көзөмөлун жүргүзгөн.
Биринчи согуш жылдары өлкөдө 76 элдик соту, 5 облустук соту жана Республиканын Жогорку соту иштеген. 1942-жылы Фрунзе гарнизонун Аскер трибуналы уюштурулган. 1944-жылдын 1 июлда республикада 90 элдик соту иштеген. Административдик башкаруу ишин Юстициалык Элдик комитети жана областык Советинде эмгектенген депутаттарынын алдында 6 башкармалыгы иштеген.
1947-жылдын 26-майында СССР Жогорку Советинин Президиуму “Атуу жазасын алып таштоо” жөнүндө Указ кабыл алган. Мыйзам боюнча атуу жазасына соттолууга тийиш болгон кылмыштар үчүн тынчтык мезгилинде түзөтүү – эмгек лагерине 25 жылга камоо көрсөтүлгөн.
1948-жылдын декабрь айында жалпы, тең укуктуулук, тике, жашыруун добуш берүү шайлоо укугунун негизинде Республиканын эл сотторун шайлоо жүргүзүлгөн. Шайлаган судьялардын Жогорку юридикалык билимдүүлөрү – 18 %, орто юридикалык билимдүүлөрү – 62 %, курсту бүткөндөр – 19 %, юридикалык билимдери жоктор – 1 % түзгөн. 94 элдик судья жана 6005 отурум шайланган.
1959 жылы 28 апрелде Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен «облустук жана элдик соттордун ишин жакшыртуу жана бир органда алардын иш аракеттерин контролдоодо» Кыргыз ССРнин Юстиция Министирлиги жоюлуп, областык жана элдик сотторго ревизия жүргүзгөнгө, алардын иш аракеттерине көзөмөл жүргүзүү жана республика боюнча сот статистикасын киргизүү Жогорку сотко кароого укук берилген. Ошону менен бирге элдик жана облустук, нотариалдык контораларга тиешелүү уюштуруу жана башкаруу функциялар да Жогорку сотко өткөн.
Республикада биринчи жолу 1960-жылыдын 25-майында Кыргыз ССРнин Сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзам, 29-декабрь 1960-жылы Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстери, 30-июль 1964-жылы Граждандык жана Граждандык процессуалдык кодекстер, 29-декабрь 1969-жылы Нике жана үй-бүлө мыйзамдарынын кодекси кабыл алынган.
Сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзам соттун акыйкаттыкты аткаруу максатын жана тапшырмаларын, сот органдарынын иш аракеттерин жана уюштуруу суроолорун кенен карап чыгып, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин президиумунда бекитилген “Судьялардын дисциплинардык жоопкерчилиги жөнүндөгү Жобо” менен бекитилген жобо менен алдын ала карап чыккан. Кыргыз ССРнин Жогорку сотуна соттун иш аракетине жана жетектөөгө, республиканын баардык сот органдарына көзөмөл жүргүзгөн. Мындан кийин мыйзам чыгаруу демилгеси ага карайт.
Жогорку соттун кээ бир түзүлүшү өзгөрүлүп, анын компетенциясы чоңойгон: 1970 жылы 1-январда республиканын Жогорку сот түзүлүшү Жогорку соттун төрагасы анын эки орун басары, соттун мүчөлөрү жана элдик отурумдардын түзүмүндө:
а) жарандык иштер боюнча соттук коллегия
б) жазык иштер боюнча соттук коллегия
в) Жогорку соттун президиуму
г) Жогорку соттун пленуму
Кыргыз ССРнин Жогорку сотунун төрагасынын жана коллегиясынын персоналдык жана көлөмдүк түзүмү.
1990-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРнын сот түзүлүшү жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алган. Ал мыйзам Республиканын юстиция министрлигинин жана Жогорку сотунун милдеттерине ири өзгөртүүлөр киргизилген. Юстиция министрлигине жана анын жергиликтүү соттордун иштерин уюштуруу жагынан камсыз кылуу милдети гана жүктөлгөн. Бардык соттордун ишине көзөмөл жүргүзүү жана аларга жардам берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жүктөлгөн.
1990-жылдын экинчи жарымы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө бурулуш жыл болду. 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын он экинчи шайланган Жогорку Кеңешинин үчүнчү сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверенитетинин Декларациясы” кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын он экинчи шайланган Жогорку Кеңешинин алтынчы сессиясында 1991-жылдын 31-августунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. Ошол күндөн тартып кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн жаңы этабы көз карандысыз, өзүнчө өнүгүү этабы башталды.
1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын чакырылган он экинчи сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.
Ал Конституциянын өзгөчөлүгү болуп Кыргыз Республикасындагы бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги болуп үчкө бөлүнүшү эсептелет.
1990-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин сессиясында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын президентинин постун түзүү жана 24-октябрь 1990-жылы кабыл алынган “Кыргыз ССРнын конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү “ мыйзам менен мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин иштеринин кепилдигин жана алардын биргелешкен аракеттерин камсыз кылуу максатында конституциялык түзүлүштү чыңдоодо коомдук муктаждыкты эске алып, Кыргыз ССРнын Президентинин – мамлекет башчысынын посту бекитилген.
1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын биринчи президенттигине Аскар Акаевди шайлаган.
Бир жылдан кийин, 1991-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине жалпы элдик шайлоо өткөрүлгөн, Аскар Акаев жалгыз талапкер болгон. Ал үчүн баардык шайлоочулардын 95,3 % жарандары добуш беришкен.
1994-жылдын 15-июлунда Республиканын судьяларынын биринчи уюштуруу съезди болгон. Ал съезде үчүнчү бийлик болуп эсептелген соттордун милдеттери жана алардын иштерин жакшыртуу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев доклад жасаган. Съездин чечиминин негизинде“Сот бийлигин чыңдоонун жана алардын кадыр-баркын көтөрүүнүн айрым чаралары жөнүндө” Президентин Жарлыгы кабыл алынган. Съезде Кыргыз Республикасынын 21 судьядан турган судьялар кеңеши түзүлгөн.
Судьялардын съездинин чечиминин негизинде 1994-жылдын 27-июлунда “Сот бийлигин чыңдоонун жана алардын кадыр-баркын көтөрүүнүн айрым чаралары жөнүндө” Указ кабыл алынган. 28 июль 1994-жылы Указ менен Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин убактылуу жобосу бекитилген. 1994-жылдын 1-ноябрында Указ менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдында сот администрациясы түзүлгөн. Ал 1996-жылдагы Указ менен Президентке жана судьялардын коомуна баш ийген Сот департаменти болуп кайра түзүлгөн.
Ушунун ортосунда 1998-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында сот укук реформасын тездетүүнүн айрым уюштуруу чаралары жөнүндө” Жарлык кабыл алынган. Бул Жарлыктын ылайыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы жөнүндө комиссия түзүлүп, комиссия жана анын курамы боюнча Жобо бекитилген. Ал Жобо менен сот департаментинин курамында бардык сот системасынын бирдиктүү финансылык-чарбалык кызматы уюштурулган.
Андан ары Сот системанын реформалоо маселесине Кыргыз Республикасынын сотторунун 1996 ж. декабрь айындагы II съезди, 1999-жылдагы III съезди, 2001-жылдагы IV съезд Кыргыз республикасынын судьяларынын арналган.
1999-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Жыйыны тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттор жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Бул Республиканын сот системасынын жакшыртуу процессинин кезектеги доору болуп саналат.
Бирок, 2003 жылдын 13-июнда күчүнө кирген ( 2004 жылы 10-июлда өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен) “ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Мыйзамды эң ревалюциалдуу толук адилеттүү деп эсептесе болот. Бул мыйзамдын ылайыгы менен арбитраждык соттор жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттордун системасына кирип, кээ бир башка өзгөрүүлөр киргизилген.
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-июлундагы судьялардын бешинчи съездинде судьялардын кызмат убагында жана кызмат убагында эмес мезгилдеги адептүүлүк жүрүм- турум принциптери жана талаптарын жогорулатуусуна багытталган, судьяларга көрсөтүлгөн жана алардын акыйкаттыкты аткаруусундагы жоопкерчилиги, судьялардын милдеттерин тиешелүү түрдө аткаруусу боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын абийири Кодекси кабыл алынган.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясында 2007-жылдын 21-октябрында кабыл алынган референдумда судьялардын шайлануусу жана дайындалуусу, жаш курагынын жогорку чегине жеткенге чейин жана жүрүм-туруму кынтыксыз, Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешин жаратуу жана иш жүзүнө ашыруу ошону менен бирге өз алдынча соттук башкаруу боюнча жаңы мамилелер бекитилген.
2007-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин ишинин түзүлүшүн жана уюштурулганын статусун аныктайт. Кыргыз Республикасын Президентинин Жарлыгына ылайык 2008-жылдын 6-октябрында 356-№ менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин 16 мүчөдөн турган: Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин төрт өкүлү; Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин төрт өкүлү; Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин төрт өкүлү; Коомчулук биригүүнүн төрт өкүлүнөн турган түзүм бекитилген.
Кыргыз Республикасын Президентинин Жарлыгына ылайык 2007-жылдын 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен судьялардын сот иштерин жана материалдарды кароосунда аларга келтирилген жүктөмдөр илимий негизделген нормативдер иштелип чыгып бекитилген. Буга жергиликтүү соттордун судьяларынын жана аппарат жумушчуларынын санын көбөйтүүгө негизги себеп болгон.
2008-жылы 20-марта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алынган “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы сот системасынын реформалоону багыттоонун бири болуп саналат. Бул Мыйзам сот башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын судьялар съездинин жана Судьялар кеңешинин аныктайт.
2008-жылдын 25-апрелде болгон Кыргыз Республикасынын судьяларынын алтынчы съездинде Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңеши шайланган, бул судьялардын жана соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөдө маанилүү жетишкендик болду. Судьялар Кеңеши өз алдынча соттук башкаруунун шайлануучу органы болуп эсептелет жана судьялардын съездинин өз алдынча соттук башкаруунун жогорку органдарынын саясатынын өткөрүү маалда иштейт. Мындан тышкары сот системанын толугу менен бюджетинин түзүлүшүнө жана иш жүзүнө ашырууга, судьялардын укугун коргоо жана мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыз кылуусун контролдоо ыйгарым укугу Судьялар кеңешине жүктөлгөн. Ошондой эле, Судьялар Кеңеши судьяларды дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга укугу бар.
Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, 2008-жылдын 21-апрелдеги 143-№нин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин алдындагы Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин башкаруусунан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин тармактарынын системасына киргизилип Кыргыз Республикасынын Сот департаменти болуп кайра түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун материалдуу – техникалык камсыздоо аракети, Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңеши жана өз алдынча соттук башкаруу органдары жана мыйзам чыгаруучулук алдын ала караган соттук жана башка актыларынын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Сот департаментине жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын Судьяларды окутуу борбору да Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин башкаруусунан чыгарылып Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин тармагына киргизилип Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Судьяларды окутуу борбору болуп кайра түзүлгөн. Ошону менен бирге, жогорудагы эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын сот аппараттарынын мамлекеттик кызматкерлеринин судьяларынын квалификацияларын жогорулатуусу жана окутуусу, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судья кызматына талапкерлерди окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Судьяларды окутуу борборунда гана ишке ашат.
Мына ошентип, Кыргызстандын сот системасы 85 жыл ичинде түп тамыры менен өзгөрүштөрдү баштан өткөрүп, коом деңгээли бийик мамлекеттин, заманбапка жараша принциптерге таянуу менен бекитилген. Ага карабастан коомдун өзгөрүшү мындан ары өзүнүн укуктук негиздерин жакшыртууга сөзсүз умтулат. Бир сөз менен айтканда тарых уланууда.
| |