Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Жаңылыктар

07.03.2012 Чүй областтык Токтом шаардык сотунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишти кароону аяктады
Бүгүн,  Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин  жаңы соттук курамда кароону аяктады. Кылмыш ишти Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Султанов карады.

05.03.2012 Талас областтык соту “пара тарап кылган” деп күнөөлөнүп жаткан Талас областынын губернаторунун орун басары Нусупжан Бектеновдун кылмыш ишин кароону баштады
Бүгүн, Талас областтык сотунун кылмыш-жаза жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда  Талас шаардык прокуратурасынын Талас шаардык сотунун 2012-жылдын 7-февралындагы айыпталып жаткан Нусупжан Бектеновго карата чыгарган  актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча келтирген сунушун карды.

05.03.2012 Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева кесиптештерин сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады
Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу  Феруза Жамашева кесиптештерин сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүчө айтылат:

05.03.2012 Кыргызстандын бир катар судьялары жана аппарат кызматкерлери ведомстволук медаль жана ардак грамоталар менен сыйланышты
Кыргызстандын Жогорку сотунун имаратында сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага Президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин детутаттары, ошондой эле Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьялары катышты.

02.03.2012 Кыргызстандын Жогорку сотунун пленуму өтүп, анда Жогорку жана жергиликтүү соттордун 2011-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды
Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева жана Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү соттордун төрагалары, ошондой эле судьялары катышты.

01.03.2012 Укуктук өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму Кыргызстандагы сот системасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен стратегиялык планды иштеп чыгууну сунуштоодо
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева укуктук өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун генералдык директору Айрин Хан менен жолугушту.

29.02.2012 Чүй областтык Токтом шаардык сотунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан соттук жараянга күбөлөр келишкен жок.
Бүгүн,  Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин  жаңы соттук курамда кароону улантты. Кылмыш ишти Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Султанов кароодо.

28.02.2012 Кыргызстандын Соттор Кеңеши Токтогул, Ноокат, Свердлов райондук сотторунун судьяларын мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынан четтетүү боюнча чечим кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Соттор Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда Жалал-Абад областынын Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиевди, Ош областынын Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановду жана Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы Жеңишбек Жайнаковду  мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынан четтетүү боюнча Башкы Прокуратуранын берген сунушун карады.

28.02.2012 Кыргызстандын Жогорку соту Акмат Бакиевди Жалал-Абадда массалык баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деп тапты
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Чүй областтык прокуратурасынын сунушун, жабырлануучу К. Исмановдун жактоочусу И. Айткуловдун жана Акмат Бакиевдин жактоочуларынын көзөмөл арыздарын карады.

28.02.2012 Бишкек шаардык Свердлов райондук соту Казакстандын “Кулан” жер кенинен алынып келинген радиоактивдүү көмүр фактысы боюнча кылмыш ишти кароону 13-марта жылдырды
Бүгүн, Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Казакстан Республикасынын “Кулан” жер кенинен Бишкек жылуулук берүү борборуна алынып келинген радиоактивдүү көмүр фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти кароо улантты. Бул кылмыш иши боюнча тергөө органдары Майрамкүл Турдумамбетова, Темиркул Эралиев, Эркин Байбачаев жана Рахматилла Туйгуновдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, алар учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”,316-беренесинин 1,2-бөлүмдөрү “Шалаакылык” менен айыпталышууда. Кылмыш ишти Бишкек Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова кароодо.

27.02.2012 Бишкек шаардык соту Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Картаңбек Мусаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жолдошбек Жакыбердиевдин  төрагалыгы астында өткөн кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Картаңбек Мусаевдин жактоочулары М.Ракишовдун жана А.Кайназаровдун Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 17-февралындагы токтомун жокко чыгарып, айыпталуучу Картаңбек Мусаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү боюнча келтирген кассациялык арызын карады.

22.02.2012 Кыргызстандын Жогорку соту Улуттук Коопсуздук Кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселенин кайра кароо үчүн Аскер сотуна жөнөттү
22-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Аскер прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна Бишкек аскер гарнизондук сотунун 2011-жылдын 20-декабрдагы токтомун жана Аскер сотунун 2012-жылдын 21 январындагы аныктамасын жокко чыгарып, Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп аны камакка алуу боюнча келтирген сунушун карады.

22.02.2012 Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин жаңы соттук курамда кароону улантууда
Бүгүн,  Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин  жаңы соттук курамда кароону улантты. Кылмыш ишти Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Султанов кароодо.

20.02.2012 Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтому менен Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Картанбек Мусаев жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаев убактылуу камакка алынды
Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Ички Иштер Министрлигинин тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсү М.Эркебаевдин Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Картаңбек Мусаевди жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаевди камакка алуу боюнча келтирген өтүнүчүн карады.

17.02.2012 Бишкек шаардык соту «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун судьясы Гүлнара Дүйшөнбекованын төрагалыгы астында өткөн кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевдин жактоочулары Венера Үмөтова жана  Виктория Каргабаеванын Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 1-февралындагы токтомун жокко чыгарып, айыпталуучу Азамат Мурзалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү боюнча келтирген кассациялык арызын карады.

16.02.2012 Бишкек шаардык соту «Новострой Сервис» ишканасынын директору Кенжебек Аман уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун судьясы Гүлнара Дүйшөнбекованын төрагалыгы астында өткөн кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы «Новострой Сервис» ишканасынын директору Кенжебек Аман уулунун жактоочусу А.Асанбековдун Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 1-февралындагы токтомун жокко чыгарып, айыпталуучу Кенжебек Аман уулунун  баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү боюнча келтирген кассациялык арызын карады.

15.02.2012 Бишкек шаардык соту «Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жолдошбек Жакыбердиевдин төрагалыгы астында өткөн кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы «Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдун жактоочусу А.Асанбековдун Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 1-февралындагы токтомун жокко чыгарып, айыпталуучу А. Абековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү боюнча келтирген кассациялык арызын карады.

15.02.2012 Бишкек шаардык Свердлов райондук соту Казакстандын “Кулан” жер кенинен алынып келинген радиоактивдүү көмүр фактысы боюнча кылмыш ишти кароону улантты

Бүгүн, Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Казакстан Республикасынын “Кулан” жер кенинен Бишкек жылуулук берүү борборуна алынып келинген радиоактивдүү көмүр фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти кароо улантты. Бул кылмыш иши боюнча тергөө органдары Майрамкүл Турдумамбетова, Темиркул Эралиев, Эркин Байбачаев жана Рахматилла Туйгуновдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, алар учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”,316-беренесинин 1,2-бөлүмдөрү “Шалаакылык” менен айыпталышууда. Кылмыш ишти Бишкек Свердлов райондук сотунун судьясы Жеңишбек Жайнаков кароодо.

13.02.2012 Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин жаңы соттук курамда кароону баштады.
Бүгүн,  Чүй областтык Токтом шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловдун жол кырсыгына байланышкан кылмыш ишин  жаңы соттук курамда кароону баштады. Кылмыш ишти Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Султанов кароодо.

08.02.2012 Ыссык-Көл областтык соту Казакстандын жараны Ерлан Балмахаевди өлтүргөндү үчүн соттолгондордун жактоочусунун апелляциялык арызын кароону аяктады

Ыссык-Көл областтык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Ыссык-Көл областтык прокуратурасынын жана жабырлануучунун өкүлү А. Ивановдун Кыргызстанга эс алып келген Казахстандын жараны Ерлан Балмахаевдин өлүмүнө күнөөлөнүп жатышкан Мурат уулу Кубат, Таалайбек уулу Тилек жана Нурбек уулу Ноорузбекке карата чыгарган Ыссык-Көл райондук сотунун 2011-жылдын 1-декабрындагы өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жазышкан  апелляциялык сунуш, арыздарын кароону аяктады. Соттук жараян Ыссык-Көл областтык сотунун судьясы Дамир Сакеевдин төрагалыгы астында өтүүдө.


Новости 1 - 20 из 205
Начало | Пред. | 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 | След. | КонецВсе


DB query error.
Please try later.