Квалификациялык талаптарСоттор үчүн квалификациялык талаптар Өздөрүнүн жеке, ишкердик сапаттары жана саламаттык абалы боюнча судьяга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон жана коюлган талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын судьялары боло алышат.
35 менен 70 жаштын ортосундагы, жогорку юридикалык билими жана юридикалык адистик боюнча 10 жылдан кем эмес, анын ичинде судья катары 5 жылдан кем эмес иш стажысы болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат. Жогорку соттун судьялары Конституцияда белгиленген жаш курагына чейин Улуттук кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Төмөнкүлөр Жогорку соттун судьялары боло алышпайт:
Жергиликтүү соттун судьяларына төмөнкүдөй талаптар коюлат: 30 менен 60 жаштын ортосундагы, жогорку юридикалык билими жана юридикалык адистик боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат. Жергиликтүү соттун судьялыгына талапкерлигин койгон жана судьялык иш стажысы болбогондорго төмөнкүдөй кошумча талап коюлат:
Судьялык кызматты ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажысына жогорку юридикалык билимдин милдеттүүлүгү талап кылынбаган кызматтарда иштеген убактысы кошулуп эсептелет. Мындай кызматтардын тизмесин Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент аныктайт.
|