Документтерди сунуштооЖогорку соттун судьясынын бошогон ордуна конкурска катышуу үчүн
Конкурска катышкысы келген иштеп жаткан судьялар:
Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын жеке иштери Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттары тарабынан Улуттук кеңешке берилет. 5 жылдык судьялык стажы болуп, конкурска катышкысы келгендер:
Арызга төмөнкүлөрдү тиркөө зарыл:
Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштар) тиркелиши мүмкүн. Жергиликтүү соттун судьясынын бошогон кызмат ордуна конкурска катышуу үчүн Улуттук кеңеш белгилеген мөөнөттө жергиликтүү соттун судьясынын бошогон кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялангандан кийин Конкурска катышууну каалаган иштеп жаткан судьялар:
Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын документтери бул соттордун аппараттары тарабынан түзүлөт жана Сот департаментине берилет. Жергиликтүү соттордун судьяларынын документтери Сот департаменти тарабынан түзүлөт. Юридикалык адистик боюнча 5 жылдык стажысы бар жана конкурска катышкысы келгендер:
Арызга төмөнкүлөрдү тиркөө зарыл:
Арызга талапкердин ким экендигин мүнөздөгөн башка да документтер (пикирлер, сунуштар) тиркелиши мүмкүн. Улуттук кеңеш:
Конкурска катышууга документтер Сот департаментине сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин дарегине берилет (4-кабат, № 9 бөлмө, КР Судьялар кеңешинин жана КР сот адилеттигинин иштери боюнча Улуттук кеңештин ишин камсыз кылуу сектору). Сот департаменти арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алгандан кийин талапкердин ага чейинки соттолгондугуу жөнүндө маалыматты тийиштүү органдардан өз алдынча сурайт. Жергиликтүү соттун судьясынын бошогон кызматын ээлөөгө конкурска катышууга документтери кабыл алынган адамдар талапкерлердин тизмесине киргизилет. Бул тизме «Эркинтоо», «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» республикалык газеталарында жарыяланат. Андан тышкары талапкерлердин кесиптик жана моралдык сапаттары жөнүндө элдин пикирин алуу үчүн Улуттук кеңештин интернет-сайтына чыгарылат, пикирлерди алуу үчүн мөөнөттүү Улуттук кеңеш аныктайт. |