Судьяларды тандооЖергиликтүү соттун судьялык бошогон ордуна талапкерлерди тандоону Улуттук кеңеш конкурстук негизде жүргүзөт. Жергиликтүү соттун судьялыгына бошогон орунга конкурстук тандоо квалификациялык сынак жана аңгемелешүү өткөрүү жолу менен 2 турда өтөт. Жергиликтүү соттун судьялыгына орундар төмөнкүлөргө байланыштуу бошошу мүмкүн:
Орун бошогон учурда республикалык «Эркинтоо», «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» газеталарына, ошондой эле Улуттук кеңештин сайтында жергиликтүү соттун судьясынын бошогон ордуна конкурс өткөрүү тууралуу жарыя берилет. Жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө же чектелген жаш курагына жеткендигине байланыштуу орун бошогон учурда жарыя орун бошооруна чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, ал эми калган учурларда – орун бошогон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жарыяланат. Эгерде кызмат орду ачылгандыгы (бошогондугу) жөнүндө конкурс жарыяланганга чейин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүп жаткан судьядан ушул кызматка судья дайындоо жөнүндө Улуттук кеңешке арыз түшсө, бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыяланбайт. Мындай учурда Улуттук кеңеш иштеп жаткан судьялар менен (аларды сынактан өткөрбөстөн) аңгемелешүү гана өткөрөт. Мында эгерде талапкерлер (талапкер) Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн зарыл сандагы добушун топтой албаса, анда судьянын бошогон кызмат ордуна конкурс жарыяланат. «Судьялардын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 35-статьясына ылайык 2008-жылдын 15-июлуна чейин жергиликтүү соттун судьясынын кызматына компьютердик тестирлөө түрүндө квалификациялык сынак тапшыргандарга сынак өтпөстөн аңгемелешүүгө кирүүгө (2011-ж. 15-июлуна чейин) жол берилет.
|