Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Корутунду

Улуттук кеңештин чечимдери корутунду түрүндө чыгарылат жана чечимдин чыккан датасы жана орду, маселени караган Улуттук кеңештин курамы, кабыл алынган чечимдин жүйөлөрү көрсөтүлүүгө тийиш. Чечимге жыйналышка катышкан Улуттук кеңештин төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү кол коет.

Улуттук кеңештин корутундусу аларга карата маселе каралып жаткан адамдардын катышуусунда окулуп берилет. Кызыккан адамдар чечим кабыл алынгандан кийин 5 күндүн ичинде корутундунун көчүрмөсүн алууга укуктуу.

Улуттук кеңеш төмөнкүдөй маселелер боюнча корутунду чыгарат:

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бошогон судьялык кызматына дайындоого талапкерди көрсөтүү жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бошогон судьялык кызматына талапкерди дайндоо жөнүндө;
  • Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төрагасын, төрагасынын орун басарын дайындоо жөнүндө;
  • Судьялар кеңешинин тийиштүү корутундусунун негизинде жергиликтүү соттун судьясын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө;
  • жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) жөнүндө;
  • жергиликтүү соттун судьясын кызматынан четтетүү же аны калыбына келтирүү жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын жазык жана соттук тартипте тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө.





DB query error.
Please try later.