Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Улуттук кеңештин мүчөлөрү

Жакупов Марсбек Жакишевич

1964-жылдын 29-июнунда Чүй облусунун Кемин районунун Бурулдай айылында туулган
Улуту: кыргыз
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1982-1984 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн 
1984-1985 Чүй облусунун Быстровка шаарчасында «Чүйкурулуш» Кемин механикалаштырылган көчмө колоннасы, автожүк айдоочусу
1985-1991 Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, студент-угуучу, студент
1991-1993 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, тергөөчү
1993-1996 Бишкек ш.прокуратурасы, бөлүмдүн прокурору
1996-1996 Бишкек ш. Октябрь райондук прокуратурасы, прокурордун жардамчысы
1996-2006 Бишкек ш. Ленин райондук соту, судья
2006-ж.тартып Бишкек шаардык соту, төраганын орун басары 

Ыраазы болгон афган элинен «Жоокер-интернационалист» медалы (1988-ж.), «СССР Куралдуу Күчтөрүнө 70 жыл» (1988-ж.) медалы жана СССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы (1988-ж.) сыйланган.

Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына сот бийлигинин өкүлү катары Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрында УП № 35б Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.

Сыдыков Аскат Шаршекович

1967-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Тамга айылында туулган
Улуту: кыргыз
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн. 

ЭМГЕК ЖОЛУ

1984-1991 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1985-1987 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1991-1993 Кыргыз мамлекеттик университети, окутуучу
1994-1996 «Чүйнефтепродукт» ПОсу, юридикалык бөлүмдүн начальниги
1996-1996 КМУУнун алдындагы Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту, улук окутуучу
1996-1997 Көз карандысыз юристтердин ассоциациясы, сектор башчысы
1997-1999 Кыргыз-Россия Славян университети, улук окутуучу
1999-2004 Бишкек ш. Свердлов райондук соту, төрага

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2004-ж.)

Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин курамына сот бийлигинин өкүлү катары Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрында УП № 35б Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.

Жамашева Феруза Зулумбековна

1969-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында туулган
Улуту: кыргыз
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1991-1996 Ош облустук адвокаттар коллегиясы, адвокат
1996 Ош шаардык соту, судьянын милдетин аткаруучу
1996-2000 Ош шаардык соту, судья
2000-2006 Ош облустук соту, төраганын орун басары
2007-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, судья

Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин курамына сот бийлигинин өкүлү катары Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрында УП № 35б Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген. 

Иманалиева Айнура Касымбековна

1979-жылдын 3-апрелинде Фрунзе шаарында туулган
Улуту: кыргыз
2001-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин, 2006-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин юрист, экономист «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

2001-2004 Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы, прокурордун жардамчысы
2004-2008 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, эксперт
2008-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнунда № 533-IV токтомуна ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин курамына Жогорку Кеңештин өкүлү катары шайланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрында УП № 35б Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.

Койчубаков Нурлан Кеңешович

1972-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Кемин районунун Быстровка шаарчасында туулган
Улуту: кыргыз
1989-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетине тапшырган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын «Мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1995-1997 «Азия Транс Сервис» ЖЧКсы, аткаруучу директор
1997-2000 «Унаа-НАН» АКсы, башкарманын төрагасы
2000-2007 ТПФ «ДМК» ЖЧКсы, башкы директор
2000-2005 Чүй облустук кеңешинин депутаты
2007-февр-апр. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин экономикалык маселелер жана инвестициялар боюнча кеңешчиси
2001-2007 «Кыргызстан» АКБсынын Директорлор кеңешинин мүчөсү
2007-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
2008-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңештин № 553-4 токтомуна ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына Жогорку Кеңештин өкүлү болуп дайындалган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы VII № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

1977-жылдын 24-сентябрында Ош облусунун Ноокат районунун Шанкол айылында туулган
Улуту: кыргыз
2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн. 

ЭМГЕК ЖОЛУ

1989 «Ленинизм» колхозу
1990-1992 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн өтөгөн
1992-1997 «Шанкол» колхозу
1997-1999 «Монолит-Ош» филиалы, улук инспектор
1999-2001 «Алтын Темир» корпорациясынын директорунун орун басары
2001- май-сент. «Темир» МИ, Ош облусу боюнча өкүлчүлүктүн улук инспектору
2001-2007 «Темир» МИ, Баткен облусу боюнча өкүлчүлүктүн директору
2007-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

2008-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңештин № 553-4 токтомуна ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына Жогорку Кеңештин өкүлү болуп дайындалган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы VII № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.

Ташпаева Назгүл Аскеровна

1973-жылдын 11-августунда Бишкек шаарында туулган
Улуту: кыргыз
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Адистиги - педиатр 

ЭМГЕК ЖОЛУ

1990-1996 КММИнин студенти
1996-1997 КММИнин жалпы практикадагы врачы
1997-1998 Кыргыз акушердик жана педиатрия илим-изилдөө институту, врач
1998-2003 Адамдын репродукциясынын Кыргыз илимий борбору, өспүрүмдөргө медициналык-социалдык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы
2003-2006 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Аялдардын, үй-бүлөнүн маселелери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти
2006-2007 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти
2007-2009 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
2009- тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 371-р буйругу менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин өкүлү катары жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөлүгүнө бекитилген.

Турсункулов Нурлан Жанышевич 

1968-жылдын 11-августунда Фрунзе шаарында туулган
Улуту: кыргыз
1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1985-1986 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1986-1988 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн өтөгөн
1988-1992 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1992-1993 Чүй облустук соту, консультант
1993-1994 Кант райондук, Бишкек ш. Биринчи май райондук прокуратурасы
1994-1994 Бишкек ш. прокурорунун жардамчысы
1994-1996 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, прокурор
1996-1998 Нарын облусунун прокурорунун орун басары
1998-1999 Биринчи май районунун прокурорунун орун басары
1999-2000 Чүй облусунун прокурорунун орун басары
2000-2005 Кара-Суу районунун прокурору
2005 Сузак район аралык прокуратурасынын прокурору
2005-2006 Талас облусунун прокурору
2006 Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Аскер прокурору
2008-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министри

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 371-р буйругу менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин өкүлү катары жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөлүгүнө бекитилген. 

Базарбай уулу Эрлан

1975-жылдын 27-январында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган
Улуту: кыргыз
Ош мамлекеттик университетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1997-2000 КМУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту, бажы жана юрист кадрларды даярдоо факультети, окутуучу
2000-2005 КМУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту, бажы жана юрист кадрларды даярдоо факультети, улук окутуучу
2005-2007 Урал юридикалык академиясынын аспирантурасы жана докторантурасы (Екатеринбург ш., РФ) аспирант
2007-ж.тартып КУУнун юридикалык институту, администрациялык укук жана укук таануу кафедрасы, доцент

Квалификацияны жогорулатуу:

1998-ж. - Казак мамлекеттик юридикалык академиясы. Жайкы юридикалык университет «Адам укуктары» семинары, (Алматы) сертификат
1999-ж. - «Адам укугу жана эл аралык гуманитардык укук» семинары (Баку) сертификат
2002-ж. - «Интерактивдүү методдор юридикалык сабактарды окутуунун колдонмо методикаларын түзүү үчүн негиз катары» (Ысык-Көл), сертификат
2006-ж. - Ж.Баласагын атындагы КУУнун жаш окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстары.

Юридикалык илимдердин кандидаты окумуштуулук даражасы бар
Кыргыз улуттук университетинин ардак грамотасы менен сыйланган (2008)
Адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар (2005)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.  

Толубаева Бермет Мамыровна

1972-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында туулган
Улуту: кыргыз
1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1990-1992 Бишкектеги советтик соода техникуму, «Укук таануу» бөлүмү, студент
1992 апр.-июль Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту, сот заседаниесинин катчысы
1992-1996 Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, студент
1996-1997 Чүй университети, юридикалык факультети, окутуучу-стажер
1996-1997 Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясы, Бишкек ш. Биринчи май районунун юридикалык консультациясы, стажер
1997-2002 Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясы, Бишкек ш. Биринчи май районунун юридикалык консультациясы, адвокат
2002-2003 «Юридикалык жардам» коомдук фонду, адвокат
2003-ж.тартып Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясы, Бишкек ш. Биринчи май районунун юридикалык консультациясы, адвокат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү болуп бекитилген.


DB query error.
Please try later.