Төраганын орун басарыЛетова Ирина Витальевна
ЭМГЕК ЖОЛУ 2000-2005 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, сот практикасын жалпылоо бөлүмүнүн улук консультанты, жазык иштери боюнча консультанттар бөлүмүнүн башчысы, жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча консультанттар бөлүмүнүн башчысы 2006-2007 Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги, ченемдик-укуктук базаны талдоо бөлүмүнүн башчысы май-июнь 2007 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти август-декабрь 2007 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти, укуктук саясат бөлүмүнүн эксперти 2007-ж.декабрынан тартып «Ак Жол» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 533-IV токтомуна ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына Жогорку Кеңештин өкүлү болуп дайындалган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин мүчөлүгүнө бекитилген. 2008-жылы 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин биринчи жыйналышында Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин төрагасынын орун басарлыгына шайланган. |