Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин төрагасыАбдугапаров Абибулла Абдугапарович, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы
1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында төрөлгөн. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин (укук таануу) адистиги боюнча бүтүргөн.
ЭМГЕК ЖОЛУ
1962-1966 Жумушчу, заводдун слесары
1966-1967 Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы, стажер
1971-1972 Советтик Армияда кызмат өтөгөн
1967-1973 Араван районунун прокуратурасы, Араван а. тергөөчү
1973-1976 Ош облусунун прокуратурасы, Ош ш., улук тергөөчү
1976-1980 Жаңы-Жол районунун прокуратурасы, прокурор
1980-1983 Жалал-Абад ш. прокуратурасы, прокурор
1983 Партиянын Ош обкому, инструктор
1983-1985 Кыргызстан Компартиясынын БК, инструктор
1985 Ош облусунун прокуратурасы, тергөө бөлүмүнүн прокурору
1985-1989 Ош облусунун Ленин районунун прокурору
1989-1990 Ош облусунун Ноокат районунун прокурору
1990-1991 Ош облусунун прокурорунун орун басары
1991-1995 Жалал-Абад облусунун прокурору
1995-1999 Ысык-Ата районунун прокурору
1999-2000 Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары
2000-2005 Жайыл районунун прокурору
2005 Кызыл-Кыя шаарынын прокурору
2005-2006 Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары
2006 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы
2006-2008 Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
2008-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, судья
Судьянын жогорку квалификациялык классы ыйгарылган.
СССР мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин жана Башкы прокурорунун Ардак грамотасы (1973), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1982) менен сыйланган. үй-бүлөлүү. 3 баласы бар.
Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамынан сот бийликтеринен өкүл катары Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы УП № 356 Жарлыгы менен Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин мүчөлүгүнө бекитилген. 2008-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин биринчи жыйналышында Улуттук кеңештин төрагалыгына шайланган.
|