КурамыСот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш 16 мүчөдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши сот бийлигинин өкүлдөрүн шайлайт.
Коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн талапкерлери коомдук бирикмелердин чогулушунда шайланат. Улуттук кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылды түзөт. Улуттук кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта аткарат. Улуттук кеңештин иши өтүп жаткан учурда Улуттук кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алар нетьгизги иштеген жеринде алуучу кызмат акыларын сактайт. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен бир жыл мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланат. Мында Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары бир эле бийлик бутагынын же коомдук бирикменин өкүлү боло албайт. |