Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Тарых

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, республиканын сот системасына реформа жүргүзүү зарылдыгы бышып жетилди.

Бийликти бөлүштүрүүнүн конституциялык принциби сот бийлигинин аткаруу бийлигинен жана өкмөттүк түзүмдөрдөн көз карандысыздыгын билдирет.

Сот органдарын уюштуруучулук, кадрлык, маалыматтык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылбастан соттордун өз алдынча ишмердүүлүгүнө жетишүү мүмкүн эмес, бул принципиалдуу жаңы, такай иштей турган соттук өз алдынча башкаруу органын түзүлүшүнүн зарылдыгына алып келди.  

Ушуга байланыштуу 1994-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын биринчи уюштуруу сьезди өткөрүлдү, анын жыйынтыгы боюнча судьялар жамаатынын органдарын – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешин жана Судьялар кеңешине караштуу Сот администрациясын уюштуруу сунушу киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 1-ноябрындагы № 290 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Сот администрациясы уюшулган, штаттык саны 36 адамды түзөт.

Мурда Адилет министрлигинин карамагында турган соттордун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу милдеттери (финансылык, материалдык-техникалык, авто транспорттук ж.б. каражаттар) Сот администрациясына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 21-майындагы № 170 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Сот деартаменти уюшулган. Штаттык саны 36 адамды түзөт, 23 адам тейлөө кызматкерлери.

Кыргыз Республикасынын Сот департаменти:

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана бошотуу жол жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында;
  • республикада соттордун үзүрдүү иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында;
  • Соттордун ишин камсыз кылган сот бийлигинин көмөкчү органы катарында. Сот департаменти жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү республикалык бюджеттен сотторду каржылоого бөлүнгөн каражаттардын алкагында жалпы юрисдикциядагы сотторду материалдык-техникалык камсыз кылууну ишке ашырат, соттук статистика жүргүзүп, маалыматтык жактан камсыз кылат, ошондой эле сот актыларынын аткарылышын камсыз кылат.  

1999-жылы тейлөө кызматкерлеринин кошпогондо мамлекеттик кызматкерлердин штаттык саны 47 адамга чейин көбөйгөн.

Башкарууну өркүндөтүүгө, аткаруучу бийлик системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын структурасын түзүүнү өркүндөтүүгө багытталган администрациялык реформаны андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Жарлыгы менен Сот департаменти КР Юстиция министрлигинин алдындагы Сот департаментине кайра түзүлгөн, мында анын мурда аткарган бардык функциялары калтырылган. Ошол мезгилде штатык саны тейлөөчүлөрдү кошпогондо 47 адам болгон.

“КР Юстиция министрлигинин алдындагы Сот департаменти жөнүндө” жобо КР Өкмөтүнүн 11.08.2001-ж. № 423 токтому менен бекитилген, ага ылайык Сот департаменти КР Юстиция министрлигинин структуралык подразделениеси болуп саналуу менен сот органдарын финансылык-материалдык камсыз кылуу боюнча аткаруу-тескөө функциясын аткарып келген.

Мындай абал жалпы сотторду мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагына тикеден-тике көз каранды абалда кармап келген. Бул болсо КР Конституциясына, мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине бөлүнүүнү конституциялык принцибине каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону андан ары жакшыртуу жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку жана Жогорку Арбитраждык сотторун материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Мындай чечим республиканын жогорку сотторунун ишмердигин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алынган, анткени жогоруда көрсөтүлгөндөй өзүнчө Министрликке караштуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү финансылоо зарыл болгон реалдуу суроо-талаптарга жооп берген эмес.

Бирок мындай жобо али иштелип бүтө элек, андыктан кабыл алынган чечим менен республиканын жогорку сотторун ресурстук жактан камсыз кылуу жакшыртылган, бирок дагы эле соттордун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына көз карандылыгы калып калган.

Сот реформасын ийгиликтүү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги №143 “Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сотторду окутуу борбору жөнүндө” Жарлыгы менен Сот департаменти Юстиция министрлигинин карамагынан чыгып сот бийлигинин өз алдынча органы болуп кайра түзүлгөн. Өз алдынча мамлекеттик органдын – сот бийлигинин органынын – Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин түзүлүшү, ириде, учурга ылайык көз карандысыз сот бийлигин түзүү талабы менен шартталган. Аталган Жарлыкты аткаруу үчүн борбордук аппараттын штаттык бирдиги 13 адамга көбөйтүлгөн, анын 3 Судьялар кеңешинин, Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңештин иштерине тартылган.


DB query error.
Please try later.