Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Сот реформасы

Акыркы жылдырдын ичинде өткөрүлүп жаткан сот реформасына байланыштуу Кыргыз Республикасынын сот системасы үчүн алда канча зор мааниге ээ болгон төмөнкүдөй иш-чараларды белгилөөгө болот.

Алсак, мамлекет башчысынын демилгеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө» жана «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» сыяктуу мыйзамдар кабыл алынды.

2008-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен судьялардын VI курултайы болуп өттү. Курултайда соттордун ишин өркүндөтүүнүн айрым жыйынтыктары чыгарылды жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши шайланды, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен судьялардын VI курултайы болуп өттү. Курултайда соттордун ишин өркүндөтүүнүн айрым жыйынтыктары чыгарылды жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши шайланды, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен судьялардын VI курултайы болуп өттү. Курултайда соттордун ишин өркүндөтүүнүн айрым жыйынтыктары чыгарылды жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши шайланды, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы №216 Жарлыгы менен жергиликтүү соттордун судьяларынын саны кыйла көбөйтүлдү, соттордун ишин андан ары өркүндөтүү боюнча, анын ичинде сот адилеттигин турмушка ашыруу шарттарын жакшыртуу жагынан милдеттер аныкталды. Алсак, бул Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда судьянын жардамчысынын институтун киргизүү пландаштырылган, ошондой эле тиешелүү түзүмдөргө төмөнкүлөрдүн илимий жактан негизделген ченемдерин иштеп чыгуу тапшырылган:
- соттук иштерди жана материалдарды карап чыгуу учурунда судьялардын жүгүнүн;
- жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн.

Жергиликтүү сотторду тиешелүү материалдык-техникалык, финансылык жактан камсыз кылуу, ошондой эле бийликтерди бөлүштүрүүнүн конституциялык принциптерин турмушка ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги №143 Жарлыгы менен Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылган жана ага мыйзамдарда каралган соттук жана башка актыларды аткаруу, жергиликтүү сотторду, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешин жана соттук өзалдынча башкаруу органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча функцияларды жүктөө менен сот бийлигинин системасына киргизилген. Ушул эле Жарлык менен судьялардын окуу Борбору Сот департаментинин карамагынан чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борборуна өзгөртүп түзүлгөн. Эми судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга тиешелүү маселелер жана милдеттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борборуна гана топтолгондугун, ошондой эле ал жерде жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер окуудан өтө тургандыгын өзгөчө белгилей кетүү керек.


DB query error.
Please try later.