Судьялардын өз алдынча башкаруусуСоттук өзалдынча башкаруу - бул өздөрүнүн органдары аркылуу соттордун ички иштеринин маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү сот коомдоштугун уюштуруу ыкмасы. Соттук өзалдынча башкаруу сот бийлигинин коллегиялдуулук, ачык-айкындуулук, көз каранды эместик принциптерине; соттук өз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдардын шайлануучулук, алмашуучулук жана отчеттуулук принциптерине негизделет. Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:
Соттук өзалдынча башкаруу органдары болуп Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы жана Судьялар кеңеши саналат. Соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы саналат.Ал үч жылда бир жолу чакырылат. Судьялардын кезексиз курултайы Судьялардын кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат. Судьялардын курултайы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан да чакырылышы мүмкүн. Судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын арасынан көпчүлүк добушу менен үч жылдык мөөнөткө шайланат. Кыргыз республикасынын судьяларынын бешинчи съездинин резолюциясы Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун төрагасы К. Э. Осмоновдун сүйлөгөн сөзү Кыргыз республикасынын судьяларынын V - съезди Бишкек шаардык сотунун төрагасы М.С. Султановдун сөзү Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын судьяларынын VІ - курултайы Кыргыз Республикасынын Cудьялар кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Ж.С.Алиеванын сөзү Кыргыз Республикасынын Конституциалык сотунун Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин Кыргыз Республикасынын Судьяларынын VІ - курултайынын Резолюциясы Ысыккөл облусунун Жетиөгүз райондук сотунунун судьясы Б.К. Ишенбаевдин сөзү
|