Түзүмү жана ыйгарым укуктарыСудьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүргүзөт.
Судьялар кеңеши төмөкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган чараларды ишке ашырат;
- соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контроль жүргүзөт;
- судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди карайт;
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын сьездин чакырат;
- сот реформасынын практикасын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялайт;
- судьялык өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- соттордун жана судьялардын ишине тиешелүү болгон мыйзамдардын, башка ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун коомдук экспертизадан өткөрөт;
- башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер менен судьялардын мамилесинде алардын кызыкчылыгын көздөйт;
- башка мамлекеттердин судья жамааттарынын органдары, эл аралык уюмдар, ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат;
- мамлекеттик органдардан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан өз иштери үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди сурайт;
- судьяларды жана соттордун аппараттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- судьялык жамаатты өнүктүрүүгө багытталган башка маселелерди карайт;
- сот системасынын бюджетин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин отчетун угат;
- Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын окуу борборунун жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын окуу борборунун иши жөнүндөгү жылдык отчетторун угат.
Судьялар кеңеши өз мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу иштеген жумушчу органдарды - өз ишинин негизги багыттары боюнча төмөнкүдөй комиссияларды түзөт:
- Соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контроль жүргүзүү боюнча иш-чараларды аткарган 5 судьянын курамындагы Бюджеттик комиссиясын;
- Судьялардын тартиптик жоопкерчилигинин маселелерин кароо жана судьяларга квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө материалдарды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзгөн 5 судьянын курамындагы Тартип комиссиясын ;
- Соттордун жана судьялардын ишине тиешелүү мыйзамдардын, башка ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун коомдук экспертизадан өткөрүү боюнча, ошондой эле судьялардын, соттордун аппаратынын, Сот департаментинин кызматкерлерин жана жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткаруу боюнча 4 судьянын курамындагы эксперттик-окуу комиссиясын.
Комиссиялардын курамы жана алардын жетекчилери Судьялардын кеңешинин биринчи жыйынында түзүлөт. Комиссиялар Судьялар кеңешине отчет берет.
|