Окутуу2008-жылдын 11-сентябрыКР Судьялар кеңешинин эксперттик-окуу комиссиясы жана КР Жогорку сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборлору сунуш кылган КР жергиликтүү сотунун судьялыгына талапкерлерди даярдоонун Билим берүү стандарты (стандарт) долбоорун карап чыгып, КР Судьялар кеңеши бул Стандартты негиз катары кабыл алууга корутунду чыгарды. 2008-жылдын 17-декабрыКР Жогорку сотунун алдындагы Судьялардын окуу борбору сунуш кылган 2009-ж. үчүн жана 2009-2011-жылдар үчүн окуу планынын долбоорун карап чыгып, КР Судьялар кеңеши аны бекитүүгө чечим кабыл алды. |
