Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Бюджет

2009-жылдын 30-апрели

Күн тартибинин маселелерин карап чыгып:

1. 2009-жылга жергиликтүү сотторго каралган акча каражаттарын бөлүү жөнүндө Бюджеттик комиссиянын жана Сот департаментинин маалыматы.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын бюджетти пландаштыруу жана түзүү боюнча окутуу.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши чечти:

1. 2009-жылга бюджетте каралган акча каражаты талаптагыдай бөлүнбөгөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат даярдалсын.

2. Сот департаменти менен бирдикте Бюджет комиссиясы бюджетти пландаштыруу жана түзүү боюнча соттордун төрагалары менен окуу жүргүзсүн.

2009-жылдын 9-апрели

Күн тартибинин маселелерин карап чыгып, жана мантиянын жаңы үлгүсүн иштеп чыгуу боюнча бюджеттик комиссиянын отчетун жана 2010-2012-жылдарга бюджеттин долбоорун даярдоо жөнүндө маалыматты угуп Судьялар кеңеши чечти::

1. Мантиянын жаңы үлгүсү бекитилсин.

2. 2010-2012-жылдарга чыгашалардын статьялары боюнча керектөөлөр жөнүндө жергиликтүү соттордон суралсын.

2008-жылдын 16-декабры

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши сотторду жылытуу маселеси боюнча жасалган иштер жөнүндө бюджеттик комиссиянын отчетун укту.

“Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулап Судьялар кеңеши соттордун бюджетин түзүү жагынан мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүүнү чечти .

2008-жылдын 16-июлу

Бюджеттик комиссиянын 2009-2010-жылдарга бюджет түзүү боюнча жасалган иштери жөнүндө отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши чечти: 

1. 2009-2010-жылдарга сот системасынын бюджетинин долбоору бекитилсин.

2. Капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн 11 соттун тизмеси жана 2009-жылы жаңы имараттарды куруу үчүн 5 соттун тизмеси бекитилсин.  

2008-жылдын 6-июну

2009-2010-жылдарга Сот системасынын бюджетинин долбоорун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши чечти:

1. USAID долбоору менен бирдикте сот реформасына көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Миң жылдыктын чакырыгы” эсебинин баштапкы программасына байланыштуу КР Судьялар кеңеши түзгөн 2009-2010-жылдарга сот системасынын бюджетинин долбооруна баа берилсин.

2. Бюджеттик комиссия жергиликтүү сотторду капиталдык оңдоодон өткөрүү жана куруу жөнүндө соттор боюнча маалымат даярдасын.

3. Бюджеттик комиссия сот Департаменти менен бирдикте соттордогу автомашиналар жөнүндө, аларга болгон керектөөлөр жана автомашиналарды эсептен чыгаруу жөнүндө маалымат даярдасын.

2008-жылдын 7-майы

2009-2010-жылдарга бюджет түзүүнү пландаштыруу жөнүндө күн тартибиндеги маселени карап, Судьялар кеңеши чечти:

1. Сот Департаменти менен бирдикте 2009-2010-жылдарга бюджеттин долбоору иштелип чыксын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна бюджет түзүү боюнча эскерткичтер жөнөтүлсүн жана 2009-2010-жылдарга керектөөлөрдүн эсеби талап кылынсын.

3. Бюджеттик комиссия Сот департаменти менен бирдикте жергиликтүү соттордун керектөөлөрүн алдын-ала эсептеп чыгуу үчүн жыйын өткөрсүн.


DB query error.
Please try later.