Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Судьялар кеңешинин мүчөлөрү

Бюджеттик комиссия

Судьялар кеңешинин Бюджеттик комиссиясынын төрагасы
Байтикова Элмира Турдакуновна

1958-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
Улуту: кыргыз
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Укук таануу» адистиги боюнча аяктаган.  

ЭМГЕК ЖОЛУ

1976-1979 Ысык-Көл облусунун Тамчы айылдык кеңеши, иш кагаздарын жүргүзүүчү
1979-1984 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, машинистка, стенографист-катчы, сот жыйынынын катчысы, консультант, улук консультант
1984-1987 Бишкек ш., Октябрь райондук соту, стажер, судьянын милдетин аткаруучу
1987-1988 Бишкек нотариалдык конторасы, нотариус
1988-1993 Бишкек ш., Биринчи май райондук прокуратурасы, прокурордук жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы
1993-1998 Бишкек ш. прокуратурасы, прокурордун жардамчысы,прокурор, улук прокурор
1998-2003 Бишкек ш., Арбитраждык соту, судья
2003-жылдан тартып Бишкек ш. район аралык соту, судья

2008-жылы 25-апрелде судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган.
2008-жылы 2-майда Судьялар кеңешинин биринчи жыйынында Бюджеттик комиссиянын төрагалыгына шайланган. 

Абышкаев Чубак Садыкович

1953-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1969-1969  Чүй облусунун «Кегети» асыл тукум заводу, жумушчу
1969-1970  Кызыл-Кыя эт комбинаты, 3-разряддагы жумушчу
1971-1971  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык соту, сот жыйынынын катчысы
1971-1976  Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1976-1976  Ош шаарынын прокуратурасы, стажер
1976-1982  Майлы-Сай шаарынын прокуратурасы, тергөөчүнүн стажеру, улук тергөөчү
1982-1983 Ош облусунун прокуратурасы, тергөө башкармасынын прокурору, прокурор-криминалист
1983-1988 Көк-Жаңгак шаары, Көк-Жаңгак шаарынын прокурору,
1988-1993 Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы, прокурор
1993-1995 Ош шаарынын прокуратурасы, прокурор
1995-1998 Жалал-Абад облусунун прокуратурасы, прокурор
1998-2000 Чүй облусунун прокуратурасы, прокурор
2000-2002 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, башкы прокурор
2003-жылдан тартып Чүй облустук сотунун төрагасы

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» (2009-ж.) Ардак наамын алган.

2008-жылы 22-апрелде судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган.

Калимбетова Мактым Борбугуловна

1955-жылдын 17-августунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1973-1975 Ош шаардык соту, иш кагаздарын жүргүзүүчү
1975-1978 Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту, сот жыйынынын катчысы, канцеляриянын башчысы
1978-1982 Жалал-Абад облусунун Сузак райондук комсомол комитети, инструктор
1982-1982 Көк-Жаңгак шаардык конторасы, нотариус
1982-1987 Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту, судья
1987-1988 Ош облустук нотариалдык конторасы, нотариус
1988-1989 Араван райондук нотконторасы, нотариус
1989-1991 Ош облустук нотариалдык конторасы, нотариус, улук нотариус
1991-1993 Жалал-Абад облкеңешинин ЗАГС бөлүмү, бөлүм башчы
1993-1994 Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту, төраганын милдетин аткаруучу
1994-1996 Көк-Жаңгак шаардык соту, төрага
1996-2002 Жалал-Абад облустук соту, судья
2002-2006 Жалал-Абад облустук соту, төраганын орун басары
2006-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык соту, төрага

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2000-ж.)
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» Ардак наамын алган (2007-ж.)
2008-жылы 25-апрелде судьялардын сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган.

Жусубалиев Табылды Кудайбердиевич

1949-жылдын 26-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Кулдере айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1996-1998 Талас облусунун Кара-Буура районунун прокуратурасы, стажер, тергөөчү 1998-1999 Талас облусунун прокуратурасы, улук тергөөчү
1999-2001 Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасы, тергөөчү
2001-2002 Талас облусунун прокуратурасы, тергөө бөлүмүнүн прокурору
2002-2003 Талас шаарынын прокуратурасы, прокурордун жардамчысы
2003-2006 Баткен облустук соту, судья
2007-жылдан тартып Баткен облустук сотунун төрагасы
2008-жылы 25-апрелде судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. 

Темирбаева Тамара Токтосуновна

1954-жылдын 1-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1976-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1971-1976 Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, студент
1976-1978 Ошоблаткомдун юстиция башкармалыгы, консультант
1978-1980 Ош облусунун Ленин районунун юридикалык консультациясы, адвокат
1980-1990 Ош шаардык соту, судья
1990-1996 Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту, төрага
1996-2000 Ош облустук соту, төраганын орун басары
2000-2006 Ош шаардык соту, судья
2006-2007 Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту, судья
2007-жылдан тартып Ош облустук соту, төраганын орун басары

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2006-ж.)

2008-жылы 25-апрелде Судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. 

Тартип комиссиясы

Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасы
Осмонкулов Маратбек Аскарович

1995-жылдын 11-мартында Ош облусунун Ноокат айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1982-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн. 

ЭМГЕК ЖОЛУ

1972-1974 Саратов облусунун Красный Кут шаарындагы Учкучтар окуу жайы, курсант
1974-1977 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад ш. авиаэскадрильясы, экинчи учкуч
1977-1977 Кыргыз Республикасынын ДОСААФынын БКсы, улук инженер      
1977-1990 Бишкек ш. Свердлов РИИБи, инспектор, тергөөчү, начальник, начальниктин орун басары
1990-1992 Чүй облусунун Чүй-Токмок шаардык соту, судья
1992-1996 Бишкек ш. Биринчи май райондук соту, судья
1996-1999 Бишкек шаардык соту, судья
1999-2003 Бишкек ш. Свердлов райондук соту, судья
2003-ж.тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, судья
2008-жылдын 25-апрелинде Судьялар кеңешинин IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

2008-ж. 2-майында Судьялар кеңешинин биринчи заседаниесинде тартип комиссиясынын төрагасы болуп шайланган.

Жунушпаев Кыдык Карыбаевич

1962-жылдын 8-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылында туулган. Улуту: кыргыз
1989-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1979-1981 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун керек-жарак коому, жумушчу
1981-1983 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1983-1983 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Куйбышев атындагы колхозу, чабандын жардамчысы
1983-1989 Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, угуучу, студент
1989-1993 Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы, стажер, прокурордун жардамчысы
1993-1995 Бишкек ш. Чүй облустук Юстиция башкармалыгы, бөлүмдүн начальниги, начальниктин орун басары
1995-1995 Кыргыз Республикасынын сот администрациясы, башкармалыктын начальниги
1995-1999 Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту, судьянын милдетин аткаруучу, судья
1999-2000 Жалал-Абад облустук соту, судья
2000-2006 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту, төрага
2007-жылдан тартып Ысык-Көл облустук соту, төрага
2008-жылдын 25-апрелинде IV Судьялар сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 

Токтомамбетов Эркинбек Божокоевич

1965-жылдын 1-октябрында Нарын шаарында туулган
Улуту: кыргыз
1993-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1982-1985 Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор жасоочу завод, Бишкек ш., жумушчу, айдоочу
1985-1990 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1990-1992 Бишкек ш., Ленин районунун прокуратурасы, студент
1992-1993 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, бөлүмдүн прокурору
1993-1993 Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы, прокурордун орун басары
1993-1994 Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төраганын жардамчысы
1994-1995 «Кыргызстан – Германия – Европа» эл аралык ишкер кызматташтык борбору, юридикалык жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы
1995-1995 Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, бөлүм башчы
1995-1996 «Хэнфэн – ЛТД» Гонконг эл аралык коммерциялык банкы, башкы директордун кеңешчиси
1996-1997 «Медфарм» биргелешкен ишканасы, Бишкек ш., юридикалык кызматтын башчысы
1997-1997 Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту, бөлүм башчы
1997-1999 Чүй облусунун Арбитраждык соту, төраганын орун басары
1999-2008 Чүй облусунун соту, төраганын орун басары
2008-ж.тартып Биринчи май райондук соту, төрага

Чүй облусунун губернаторунун Ардак грамоталары менен сыйланган (1998-ж., 1999-ж.)
2008-жылы 25-апрелде Судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. 

Досмамбетов Нурлан Рыскулович

1963-жылдын 3-ноябрында Талас облусунун Талас шаарында туулган.
Улуту: кыргыз
1987-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1980-1982 Талас облусунун Киров айылындагы даярдоо конторасы, жумушчу
1982-1987 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1987-1991 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, консультант
1991-1994 Жалал-Абад шаардык соту, судья
1994-1996 Жалал-Абад облустук соту, судья
1996-2000 Ош облустук соту, судья
2000-2006 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, судья
2006-ж.тартып Ош шаардык соту, төрага
2008-жылдын 25-апрелинде Судьялардын IV сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Сыдыков Советбек Кемелович

1962-жылдын 1-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Балыкчы шаарында туулган.
Улуту: кыргыз
1990-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1980-1982 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1982-1984 Нарын облусунун Кочкор районундагы «Коммунизм» совхозу, жумушчу
1984-1990 Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, студент, угуучу
1990-1993 Бишкек ш. Биринчи май райондук соту, сот аткаруучу, улук сот аткаруучу
1993-1995 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, 1-категориядагы адис
1995-1999 Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, башкы адис, бөлүм башчысы
1999-2002 Нарын ш. Нарын райондук соту, судья
2004-ж.тартып Нарын ш. Нарын шаардык соту, төрага
2008-жылдын 25-апрелинде IV Судьялар сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 

Эксперттик-окуу комиссиясы

Судьялар кеңешинин эксперттик-окуу комиссиясынын төрагасы
Эсенканов Качыке Эсенканович

1957-жылдын 20-майында туулган.
Улуту: кыргыз
1980-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн. 

ЭМГЕК ЖОЛУ 

1980-1982 Нарын ш. юридикалык консультациясы, адвокат
1982-1992 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, консультант, улук редактор, улук консультант, бөлүм башчысы, начальниктин орун басары, башкармалыктын начальниги
1992-1994 Чүй облустук соту
1994-1996 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, министрдин орун басары, министрдин биринчи орун басары
1996-ж. тартып Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, судья.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылган (2003).

2008-жылдын 2-майында Судьялар кеңешинин биринчи заседаниесинде эксперттик-окуу комиссиясынын төрагасы болуп шайланган. 

Оморова Максуда Мадиевна

1950-жылдын 23-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1983-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1967-1970 Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту, сот заседаниесинин катчысы
1970-1974 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаараткому, секретарь-машинистка
1976-1978 Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы, канцелярия башчысы
1978-1980 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад ш. ДОЗ № 1, юрист
1980-1985 Жалал-Абад облусунун Сузак нотариалдык конторасы, мамлекеттик нотариус
1985-1994 Жалал-Абад облусунун Сузак юридикалык консультациясы, адвокат
1994-1996 Чүй облустук прокуратурасы, бөлүмдүн прокурору
1996-2003 Бишкек ш. Биринчи май райондук соту, судья
2004-2006 Бишкек ш.Ленин райондук соту, төрага 
2008-жылдын 25-апрелинде IV Судьялар сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 

Айжигитов Дастанбай Абдирашитович 

1964-жылдын 20-ноябрында Баткен облусунун Баткен айылында туулган.
Улуту: кыргыз
1990-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн. 

ЭМГЕК ЖОЛУ

1981-1983 Баткен районунун маданий бөлүмү, инструктор
1983-1984 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1984-1986 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1986-1990 Кыргыз мамлекеттик университети, студент
1990-1991 Бишкек ш. Өнөр жай товардык бирикмеси, юрисконсульт
1991-1994 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, бөлүмдүн начальнигинин орун басары
1994-1999 Кыргыз Республикасынын Аскер соту, судья, төраганын орун басары
1999-2006 Бишкек гарнизонунун аскер соту, төрага
2007-ж. тартып Кыргыз Республикасынын Аскер соту, төрага
2008-жылдын 25-апрелинде IV Судьялар сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 

Конгайтиев Анарбек Шайдылдаевич 

1951-жылдын 5-майында Талас облусунун Кең-Арал а. туулган.
Улуту: кыргыз
1981-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ 

1966-1970 Бишкек ш. Автожол техникуму, студент
1971-1973 Ош ш. Түштүк ЭЛУАД, механик
1973-1975 Ленинполь районунун «Победа» колхозу, механик
1975-1981 Кыргыз мамлекеттик университети, угуучу, студент
1981-1982 Ош облаткомунун юстиция бөлүмү, улук консультант
1982-1986 Лейлек райондук соту, төрага
1986-1989 Талас ш. юридикалык консультациясы, адвокат
1989-1990 Бишкек ш. Кыргызсовпрофу, башкы укуктук инспектору
1990-1994 Чүй облусунун Сокулук райондук соту, төраганын орун басары
1994-1996 Талас облустук соту, төраганын орун басары
1996-1999 Талас райондук соту, төрага
1999-2004 Талас шаардык соту, төрага
2004-2007 Баткен облустук соту, судья
2007-ж.тартып Талас шаардык соту, төрага

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2006-ж.)

2008-жылдын 25-апрелинде IV Судьялар сьездинде Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган


DB query error.
Please try later.