КурамыКыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялык өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат, ал судьялык өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын сьезддеринин ортосундагы мезгилде иштейт. Судьялар кеңеши судьялардын сьездине отчет берет. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү сьездге катышкан судьялардын ичинен көпчүлүк добуш менен судьялардын сьездинде шайланат. Судьялар кеңеши он беш мүчөдөн турат, алар үч жыл мөөнөткө судьялар жамаатынын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат. Мында бир эле судья удаасы менен эки мөөнөткө Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайлана албайт. Судьялар кеңешине анын Төрагасы, ал жокто – Төраганын орун басары жетекчилик кылат. |