Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Иш-чаралар

30.04.2009

Судьялар кеңешинин төрайымы Гутниченко Л.В Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Сыдыков С.К., КР Жогорку сотунун төрайымы. Алиева Дж., КР Президентинин Администрациясынын укук саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сатаров У.М., өкмөттүн өкүлдөрү, судьяларды окутуу борборунун өкүлдөрү, Сот департаментинин өкүлдөрү, эл аралык донорлук уюмдар жана долбоорлор катышкан иш чаралардын жүрүшүндө Кеңештин иш аракеттери жөнүндөгү отчетун көрсөттү. Отчеттун бет ачаарынан кийин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Сыдыков С.К., КР Жогорку сотунун төрайымы. Алиева Дж., КР Президентинин Администрациясынын укук саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сатаров У.М., КР Сот департаментинин маалыматтар жана сот актыларынын аткарылышын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бозгорпоев Дж. Б., КР “Миң жылдыктын чакырыгы” Босоголук программанын Кеңешчиси Ч.Унделанд, Европа союз долбоорунун өкүлү КР Судьялар кеңешинин ишин бийик баалашты жана Кеңештин өкүлдөрүнө келээрки иштерине ийгиликтерди каалашты.

27.04.2009

Областтык жана райондук соттордун тажрыйбалуу төрагалары жана Судьялар кеңешинин, Жогорку соттун, Сот департаментинин өкүлдөрүнөн турган соттордун имараттарынын үлгүлөрүн иштеп чыгуусу боюнча жумуш тобунун отуруму болуп өттү. Талкулоонун жыйынтыгында КР (шаардык) райондук сотторунун имараттарына стандарттардын жана чен өлчөмдөрүнүн акыркы жоромол кабыл алынды жана Судьялар кеңешине келээрки отурумда карап чыгууга Судьялар кеңешине берилди

04.04.2009

Кыргыз делегациясы 2009 жылдын 19-мартынан 4-апрелге чейин КР Жогорку Кеңешинин депутатынын түзүмүндө, коргонуу комитетинин төрагасы, сот – укуктук реформа жана укук тартип боюнча төрагасы Сыдыков Л. Ч., КР Жогорку сотунун өкүлү Акназарова К. К., Кудайбергенова К. К., жана Жогоштиева А.Т., КР Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Гутниченко Л.В., Эсенканова К. Э., Оморова М.М., Конгантиева А.Ш., Осмонкулова М.А., Байтикова Э.Т., европа бирдик өлкөлөрүнө расмий зыярат кылышты. Бул баруу жергиликтүү соттордун кызмат ордуна талапкерлерди окутуу боюнча эл аралык институттардын иш аракеттерин тажрыйбаларын окуп билүүгө байланыштуу болгон. Бул зыяраттын негизинде төмөндөгү жерлерге барып келишти: - Австрия, Вена шаарынын Адилет министрлиги; - Чехия өлкөсүнүн Прага шаарынын Адилет министрлиги; - Чехия өлкөсүнүн Бруно шаарынын Жогорку соту; - Мадрид шаарынын акыйкаттыкты аткаруу боюнча Улуттук Кеңеши жана Испаниянын Жогорку соту; - Барселона шаарынын судьяларды окутуу мектеби; - Париж, Бордо шаары улуттук магистратура мектеби. КР Судьялар кеңешинин мүчөлөрү сот системасынын өзгөчөлүктөрү менен судья кызмат ордуна талапкерлерди формалар жана методдор менен окутуу жана тийиштүү өлкөлөрдө судьялардын окууларын улантуу. Баруу маалында делегация КР жергиликтүү соттордун судья кызмат ордуларына окутуу боюнча көрсөтүлгөн моделдердин талапкерлерин окутууга жол жоболорун колдонуу жөнүндө өзүнүн калоолорун жана мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

11.03.09-ж. 

Эл аралык эксперт Д.Броттун катышуусу менен Кыргыз Республикасындагы тартиптик процедураларга талдоо жүргүзүү боюнча анын отчетунун презентациясы боюнча тегерек стол болду. Ал өзүнүн баяндамасында өзү тарабынан иштелип чыккан сунуштарды кең-кесири баяндап жана негиздеп берди, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна кең-кесири жоопторду берип, алардын пикирин укту, Алар Калифорния штатындагы, башка өлкөлөрдөгү өз кесиптештеринин ишине чоң кызыгуу көрсөтүштү, алардын тажрыйбасын Бротт мырза иликтеген.

Маселен, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн өзгөчө көңүлү Калифорния штатындагы соттук комиссиянын өздөрүнө тиешелүү эмес даттануулар менен иштөө практикасына бурулду. Жарандардын даттануулары боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн кайра кароо жөнүндө сунуштар жандуу пикир алышууну пайда кылды. Мындан тышкары, Эл аралык эксперт коомчулуктун кызыкчылыгы жана судьялардын чөйрөсүндө тартипти чыңдоо боюнча Судьялар кеңешинин ишмердиги жөнүндө коомчулуктун маалымат алуусу, ошондой эле Судьялар кеңешинин тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы жөнүндө проблемаларга токтолду.


DB query error.
Please try later.