Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Иш чаралар

Судьялар кеңешинин иши судьялардын көз каранды эместигинин, сот ишине кийлигишпөө, маалымдуулук, коллегиялуулук, мыйзамдуулук, ак ниеттик жана абийирдүүлүк принциптерине негизделет.

Судьялар кеңешинин жыйыны Судьялар кеңешинин ишинин негизги формасы болуп саналат, анда Судьялар кеңешинин карамагына кирген маселелер чечилет. Судьялар кеңешинин жыйындары зарылчылыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат. Аны чакыруу жөнүндө чечим Кеңештин төрагасы тарабынан же Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча  кабыл алынат.

Судьялар кеңеши өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн башка иш чараларды жүргүзө алат.

Судьялар кеңешинин ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын сот департаментинин директору кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.  Судьялар кеңешинин төрагасынын чакыруусу боюнча кеңештин ишине башка адамдар да катыша алат. 

Судьялар кеңешинин иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде жүргүзүлөт.


DB query error.
Please try later.