Жөнөтмөгө катталуу
Cлучайное фото

Басып чыгаруу Басып чыгаруу

Жаңылыктар

    RSS

    03.02.2012 Кыргызстандын Жогорку соту 16-февралда Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт
    16-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук отурумда Аскер прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна Бишкек аскер гарнизондук сотунун 2011-жылдын 20-декабрдагы токтомун жана Аскер сотунун 2012-жылдын 21 январындагы аныктамасын жокко чыгарып, Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп аны камакка алуу боюнча келтирген сунушун карайт.

    01.02.2012 Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту «Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директору Азамат Мурзалиевди камакка алуу боюнча токтом кабыл алды.

    Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда судья Адылбек Субанкуловдун төрагалыгы астында өткөн соттук жараянда  Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө тобунун жетекчиси Н. Мусахановдун «Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директору Азамат Мурзалиевдин, анын кеңешчиси Алмазбек Абековдун жана  ОсОО “Новострой Сервис” мекемесинин директору Аман уулу Кенжебектин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды камакка алуу боюнча келтирген өтүнүчүн карады.

    31.01.2012 Жалал-Абад областтык соту Кадыржан Батыров башында турган соттолгондорго карата чыгарган Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды
    Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Кадыржан Батыровдун,  Ином Абдурасуловдун, Абдурахман Абдуллаевдин, Халилжан Худайбердиевдин жана Жавлон Мирзаходжаевдин жактоочуларынын 2011-жылдын 28-октябрындагы Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жазышкан  апелляциялык арызын кароону аяктады. Соттук жараян Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Амангелди Молдобаевдин төрагалыгы астында өттү.

    31.01.2012 Ыссык-Көл областтык соту Казакстандын жараны Ерлан Балмахаевди өлтүргөндү үчүн соттолгондордун жактоочусунун апелляциялык арызын кароону баштады
    Ыссык-Көл областтык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Ыссык-Көл областтык прокуратурасынын жана жабырлануучунун өкүлү А. Ивановдун Кыргызстанга эс алып келген Казахстандын жараны Ерлан Балмахаевдин өлүмүнө күнөөлөнүп жатышкан Мурат уулу Кубат, Таалайбек уулу Тилек жана Нурбек уулу Ноорузбекке карата чыгарган Ыссык-Көл райондук сотунун 2011-жылдын 1-декабрындагы өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жазышкан  апелляциялык сунуш, арыздарын кароону баштады. Соттук жараян Ыссык-Көл областтык сотунун судьясы Манасбек Арабаевдин төрагалыгы астында өтүүдө.

    31.01.2012 Түп районунун Тогуз-Булак айылынын орто мектебинин окуучу Аманбек Байгазиевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн үстүнөн козголгон кылмыш иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү
    Ыссык-Көл областтык Түп райондук сотунун ачык өткөн соттук жараянында  Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пункуту, 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункуту менен айыпталып жаткан Бактыбек уулу Замирге, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункуту менен айыпталып жатышкан Бакберген Исаков, Бактияр Турусбеков жана Айтбек Байзаковго байланышкан кылмыш иши каралды. Кылмыш ишти Түп райондук сотунун судьясы Айдарбек Алымкулов карады.

    31.01.2012 Кыргызстандын Жогорку соту мурдагы Жалал-Абад областынын прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун көзөмөл арызын карады
    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы бүгүнкү ачык өткөн соттук жараянда 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы боюнча айыпталып соттолгон мурдагы Жалал-Абад областынын прокурору Зоотбек Кудайбергеновдин көзөмөл арызын карады.

    30.01.2012 Кыргызстандын Соттор Кеңеши Токтогул жана Ноокат райондук сотторунун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
    Кыргыз Республикасынын Соттор Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьясы Мамасадык Абдыкалыковду, Жалал-Абад областынын Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиевди жана Ош областынын Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановду  кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы Прокуратуранын берген сунушун карады.

    26.01.2012 Кыргызстанда баалуу канаттууларды мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн Ирак өлкөсүнүн жараны Аббас Фадхил Ахмед 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды
    Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун ачык өткөн соттук жараянда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмү, 28 жана 204-беренелеринин 1-бөлүмдөрү менен айыпталып жаткан Ирак өлкөсүнүн жараны Аббас Фадхил Ахмедке байланышкан кылмыш ишти кароо аяктады. Кылмыш ишти кароо Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун  судьясы Адылбек Субанкуловдун төрагалыгы астында өттү.

    25.01.2012 Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен Туркиянын жараны Гюнеш Йылмаз 6 жылга эркинен ажыратылды
    Бүгүн, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун ачык өткөн соттук жараянда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 104-беренесинин 1-бөлүмү (Ден-соолукка атайлап оор жаракат келтирүү) менен айыпталып жаткан Туркиянын жараны Гүнеш Йылмазга байланышкан кылмыш ишти кароо аяктады. Кылмыш ишти кароо Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун  судьясы Адылбек Субанкуловдун төрагалыгы астында өттү.

    25.01.2012 Кыргызстандын Жогорку соту «Альфа Телеком» ЖАКнан мыйзамсыз акча каражатын чыгарган деп күнөөлөнүп жаткан Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы бүгүнкү ачык өткөн соттук отурумда айыпталуучу Раушан Рыкунованын жактоочусу Таалайбек Курманалиевдин Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун 2011-жылдын 7-октябрындагы токтомун жана Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 26-декабрындагы аныктамасын жокко чыгаруу боюнча жазган көзөмөл арызын карады.

    23.01.2012 Бишкек шаардык сотунун чечими менен Улуттук Коопсуздук Кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов камакта калтырылды.
    Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук отурумда соттолуучу Мурат Суталиновдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевдин  Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соттун 2011-жылдын 17-декабрдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча келтирген апелляциялык арызын карады.

    21.01.2012 Кыргыз Республикасынын Аскер соту Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карады
    Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук отурумда Башкы прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна Бишкек аскер гарнизондук сотунун 2011-жылдын 20-декабрдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча келтирген кассациялык сунушун карады. Соттук отурум Аскер сотунун судьясы Закирбай Мамытовдун төрагалыгы астында өттү.

    20.01.2012 Кадыржан Батыровдун кылмыш ишине байланышкан соттук жараянда кошумча күбө катары чакырылган Жалал-Абад областынын губернаторунун мурдагы орун басары Тайгожо Гиязов көрсөтмө берди
    Бүгүн, Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Кадыржан Батыровдун,  Ином Абдурасуловдун, Абдурахман Абдуллаевдин, Халилжан Худайбердиевдин жана Жавлон Мирзаходжаевдин жактоочуларынын 2011-жылдын 28-октябрындагы Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жазышкан  апелляциялык арызын кароону улантты. Соттук жараян Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Амангелди Молдобаевдин төрагалыгы астында өтүүдө.

    18.01.2012 Кыргызстандын Жогорку Сотунун соттук жыйындар өтүүчү залдарына видео камералар орнотулат
    Кыргызстандын Жогорку Сотунун соттук жыйындар өтүүчү залдарына видео камералар орнотулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева сот системасына көзөмөл кылуу боюнча жарандык кеңештин өкүлдөрү Рита Карасартова, Динара Ошуракунова жана Жанадил Давлетбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

    18.01.2012 Бишкек шаардык соту Улуттук Коопсуздук Кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин кароону 23-январга жылдырды
    Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук отурумда Улуттук Коопсуздук Кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов  жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевдин  Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соттун 2011-жылдын 17-декабрдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча келтирген апелляциялык арызын карады. Соттук отурум Бишкек шаардык сотунун судьясы Гүлнара Дүйшөнбекованын төрагалыгы астында өттү.

    17.01.2012 Бишкек шаардык Октябрь райондук соту Бишкектеги №1-убактылуу кармоо жайынын алдындагы окуя боюнча 85 административдик материал каралды
    Бүгүн, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 16-январь күнү №1- убактылуу камак жайынын алдында айыпталуучулардын жакындары тарабынан уюштурулган окуя боюнча административдик 85 материал каралды.

    14.01.2012 Кыргыз Республикасынын Аскер соту Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карады
    Бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук отурумда Башкы прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна Бишкек аскер гарнизондук сотунун 2011-жылдын 20-декабрдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча келтирген кассациялык сунушун кароону баштады. Соттук отурум Аскер сотунун судьясы Закирбай Мамытовдун төрагалыгы астында өттү.

    11.01.2012 Кадыржан Батыровдун кылмыш ишине байланышкан соттук жараянга кошумча күбө катары чакырылтышкан Бектур Асановду, Тайгожо Гиязовду жана Асылбек Текебаевди кийинки соттук жараянга мажбурлап алып келүү чечими кабыл алынды
    Бүгүн, Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы ачык өткөн соттук жараянда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Кадыржан Батыровдун,  Ином Абдурасуловдун, Абдурахман Абдуллаевдин, Халилжан Худайбердиевдин жана Жавлон Мирзаходжаевдин жактоочуларынын 2011-жылдын 28-октябрындагы Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча жазышкан  апелляциялык арызын кароону улантты. Соттук жараян Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Амангелди Молдобаевдин төрагалыгы астында өтүүдө.

    10.01.2012 Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун чечими менен соттолгон Акмат Бакиев жатак абакка чыгарылды
    Бишкек шаардык Ленин райондук соту ачык өткөн соттук жараянда  мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевди жатак абакка чыгаруу боюнча келтирген жаза аткаруу департаментинин сунушун карады.

    09.01.2012 Кыргыз Республикасынын Аскер соту 14-январда Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт
    Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кылмыш жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы 2012-жылдын 14-январында ачык өткөн соттук отурумда Башкы прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна Бишкек аскер гарнизондук сотунун 2011-жылдын 20-декабрдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча келтирген кассациялык сунушун карайт. Соттук отурум Аскер сотунун судьясы Закирбай Мамытовдун төрагалыгы астында өтөт.


    Новости 1 - 20 из 185
    Начало | Пред. | 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 | След. | КонецВсе

    Кирүү
    Логин:
    Пароль:
    Регистрация
    Забыли свой пароль?
    Сайт боюнча издөө

    Опрос
    Откуда вы узнали о нашем сайте?







    Ваш род занятий






      


     



    DB query error.
    Please try later.