Конституционный судКыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында республиканын Конституциясынын үстөмдүгүн камсыз кылуу, Конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тогуз судьядан: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынан, анын орун басарынан жана жети судьядан турат. Отуз беш жаштан өткөн жана жетимиш жашка чейинки жогорку юридикалык билими жана юридикалык адистик боюнча он жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат. Конституциялык соттун судьясы Президенттин сунушу боюнча чектүү жашына жеткенге чейин Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
Конституциялык сот соттордун, арбитраждык соттордун өкүмдөрүнүн ж.б. чечимдеринин, жарандык, жазык, администрациялык жана арбитраждык иштер боюнча тергөө, прокуратура органдарынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жөнүндө маселелерди карабайт, буга жогоруда аталган актылар Конституцияга каршы келген мыйзамдын негизинде кабыл алынган учурлар кирбейт. Конституциялык соттун чечими биротоло чечим болуп саналат жана аны даттанууга болбойт. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституцияга ылайык келбестигинин аныкталышы Кыргыз Республикасынын аймагында алардын колдонулушун токтотот, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституцияга ылайыксыз деп таанылган мыйзамдага же алардын жоболоруна негизделген ченемдик-укуктук актылардын колдонулушун токтотот. Конституцияга ылайыксыз деп табылган мыйзам ченемдерине негизделген соттук актылар сот тарабынан ар бир конкреттүү учурда эркиндиктери жана укуктары козголгон жарандардын даттануулары боюнча кайра каралат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун процесстик ишмердиги “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентине ылайык ишке ашырылат. |